Октябрдан тарта үй-бүлөлүк дарыгерлер менен медайымдардын айлыгы көбөйөт

Жазылуу
Премьер-министр жабыркаган райондордун тургундарына чыдамкайлыгы жана мамлекетке көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта үй-бүлөлүк врачтардын, жалпы практикалык дарыгерлердин, үй-бүлөлүк медайымдардын жана фельдшердик-акушердик пунктулардын орто медициналык кызматерлеринин айлык акысы жогорулатылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 12-сентябрда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Карамык жана Жекенди айылдарындагы эки оорукананын ачылыш салтанатында айтты.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүндө эки оорукана тең 15 орунга эсептелген. Курулуш иштери 2017-жылы башталып, каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

"Былтыр болгон жер титирөөдөн улам бир катар социалдык объектилер жана турак-жайлар жабыркаган. Биз жалпыбыз жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу менен алектенип, көмөк көрсөтүү иштерин пландаштыргандыгыбыз эсимде. Бул жөнөкөй эмес милдет болуп туюлганы менен жабыркаган объектилерди калыбына келтирүү боюнча масштабдуу иштерди аткардык. Элибиздин биримдигине, экономиканын туруктуулугуна жана жарандардын жалпы иш-аракетине жараша бүгүнкү күндө бардык объектилердин курулушу жыйынтыкталды", — деди Абылгазиев.

Центр сердечно-сосудистой хирургии в Хабаровске - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө жүрөк оорусунан 29 мүнөт сайын бир киши көз жумат. Өкүнткөн сандар
Премьер-министр жабыркаган райондордун тургундарына чыдамкайлыгы жана мамлекетке көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, жергиликтүү дарыгерлер сапаттуу алгачкы медициналык көмөк көрсөтүү маселесине өзгөчө көңүл буруусу тийиштигин кошумчалады.

Өкмөт башчы билдиргендей, бүгүнкү күнү республика боюнча 400дөн ашуун ар түрдүү объектилер курулууда.

"Бул объектилердин көбү жыл аягына чейин бүткөрүлөт, айрымдарын биз келерки жылы аяктайбыз. Мен премьер-министр катары үч жылдын ичинде өлкө боюнча бардык объектилердин курулушун аяктоо милдетин коем. Бардык пландарыбызды ишке ашырабыз деп ишенем, анткени коомдо ынтымак жана биримдик бар", — деди Абылгазиев.

Андан соң премьер-министр эки оорукананын дарыгерлеринин иш бөлмөлөрүн жана палаталарын көрүп чыгып, медицина кызматкерлери менен баарлашып, алар менен эмгек жана тиричилик шартын, ошондой эле алдыдагы эмгек акысын жогорулатуу маселесин талкуулашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0