Коопсуздук кеңешинин катчысы коомду дүрбөткөн 5 иш боюнча маалымат берди

Жазылуу
Дамир Сагынбаев айрым кылмыш иштери боюнча кандай аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев коомдун көңүлүн буруп, ЖМКларга чыккан чуулгандуу иштердин жыйынтыктары боюнча алдын ала маалыматтарды берди. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы билдирди.

Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусов (солдо). Архив - Sputnik Кыргызстан
Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусов издөөгө алынды
Сагынбаев алгач Базар-Коргон районунун тургуну Таалайбек Исаевдин президентке жазган ачык кайрылуусу тууралуу маалымат берди. Белгилей кетсек, Исаев президент Сооронбай Жээнбековдун жарандар менен жолугушуусу учурунда райондук мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тарыхчиев иш бөлмөсүндө сабап, тапанча менен атканын айткан. Жабырланган жаран өлкө башчысына Тарыхчиевге карата жумшак чечим чыгарган соттун аты-жөнүн да атаган. Сагынбаев бул иш боюнча бардык материалдарды катчылык карап, юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жибергенин кошумчалады.

Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясындагы коррупция жөнүндө

Август айынын башында аталган инспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева мекемедеги коррупциялык иштерди айтып чыкканы үчүн кызматтан алынган. Ал өзүнүн Facebook баракчасына видео кайрылуу жасап, президенттен паракорчулукка каршы чара көрүүгө жана анын кызматына кайра алынышына жардам берүүнү өтүнгөн.

"Видео кайрылуу чыгары менен биз Мамбеталиева менен дароо байланышканбыз. Кийин кабыл алууда болуп, өзү айткан материалдарды берем деп сөз берген. Сентябрдын башында материалдарды алдык, аларды карап чыгып, текшерүүгө негиз бар экенине ынандык", — деди Сагынбаев.

Рабочий визит премьер-министра Сооронбая Жээнбекова в Нарынскую область - Sputnik Кыргызстан
Булан институту президент Жээнбековго кайрылды
Анын айтымында, ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, окуя болгон жерлерге барып бардык дооматтарды карап чыгышат. Анын жыйынтыгы менен тийиштүү корутунду чыкмакчы.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкери Алия Асанбаеванын ачык кайрылуусу

Сагынбаев поезд коштоочусу Асанбаеванын коррупция тууралуу айткандары тастыкталганын айтты. Бишкек — Москва — Бишкек, Бишкек — Новокузнецк — Бишкек, Бишкек — Казань — Бишкек каттамдары боюнча билети жок жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кылмыш иши козголгон.

1-январдан 30-апрелге чейин аталган багыттар боюнча жалпысынан 63 каттам жүргүзүлгөн. Текшерүү учурунда 2 874 жарандын билети жок болгону аныкталды. Келтирилген чыгым 2 миллион 649 миң сомду түзгөн.

Сагынбаев бул кылмыш иштери боюнча тийиштүү кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылып жатканын кошумчалады.

Аскер бөлүгүндө таяк жеген жоокер

Кызматкер Кыргыз темир жолу 3 млн. сом кымырганын айтты. Ногойбаев эмне дейт - Sputnik Кыргызстан
Кызматкер "Кыргыз темир жолу" 3 млн. сом кымырганын айтты. Ногойбаев эмне дейт
Буга чейин Кой-Таш айылындагы №73809 аскер бөлүгүнүн жоокерлери укук коргоочуларга кайрылган. Алар командирлер малдын кыгын чыгарттырып, арыктарды тазалаттырып башкалардын автоунааларын оңдоттуруп жатканын айтышкан. Айрым ЖМКлардын жазышынча жасалган иш үчүн акчаны командирлер алып турушкан. КР президенти бул окуянын чоо-жайын териштирүү керектигин тапшырган.

Сагынбаев иш аскер прокуратурасы тарабынан тыкыр каралганын баса белгиледи. Тергөө материалдарында белгиленгендей Кой-Таштагы аскер бөлүгүнүн аскерлерине командирлердин мыйзамсыз аракеттерине 2018-жылдын май жана июнь айларында дуушар болгон.

"Бул жерде жоокерлерди чарба иштерине мыйзамсыз түрдө тартышкан. Ошондой эле аларга кол көтөрүшкөн", — деди ал.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, командир кызматынан алынып, окуяга жол бергендер камакка алынган. Ушул жумада тергөө аяктап, метариалдар сотко өтөт.

Аскер тик учагынын кыйрашы

9-июлда Ысык-Көл облусунун Түштүк Эңилчек аймагында саат 8:13тө Ми-8МТВ аскер тик учагы кыйраган. Анын ичинде экипаждын 5 мүчөсүнөн тышкары 10 турист (Япониянын үч, Германиянын эки, Польшанын төрт жана Кыргызстандын бир жараны) болгон.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Аскер прокуратурасы окуяны иликтеп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0