Бишкекте машинада уктап калган милиция кызматкерлери кандай жаза алды

Жазылуу
ЖКККБ кызматкерлери иш учурунда уктап калган. Кызматкерлердин бирөө куш уйку салганын айтса, экинчиси "капысынан уктап" кеткенин билдирүүдө.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Иш учурунда уктап калган милиция кызматкерлерине катуу сөгүш берилгенин ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ички иликтөө кызматы социалдык тармакка жарыяланган видеону көз жаздымда калтырган жок. 29-августта саат 17:25тер чамасында Бөкөнбаев менен Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде Ford Focus автоунаасынын ичинде Бишкек ШИИБ ЖКККБдин эки кызматкери — милициянын прапорщиги Б.К. менен милициянын ага кызматкери Т.М. уктап жатканы аныкталган.

"Милиция кызматкерлеринин айтымында, 29-августта болжол менен саат 06:00до ЖКККБга келип, инструктаж алгандан кийин жогорудагы көчөлөрдүн кесилишине кызмат өтөө үчүн келишкен. Күчөтүлгөн тартипте кечке чейин иштегендиктен прапорщик Б.К. өзүн жаман сезип беш мүнөткө уктаган, ал эми милициянын ага кызматкери Т.М. капысынан уктап калган", — деп айтылат маалыматта.

КР ички иштер бөлүмүнүн дисциплинардык уставын жана профессионалдык этика кодексин бузганы үчүн эки милиция кызматкерине катуу сөгүш берилген.


Жаңылыктар түрмөгү
0