Депутат мэр Азиз Суракматовду Гиннес китебине киргизүү тууралуу айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование 27-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке
Празднование 27-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Бишкек шаары мамлекеттин борбору болгондон кийин макамы бар, мамлекеттик тилди билген киши келиши керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков калаа башчысы Азиз Суракматов тууралуу парламенттин жалпы жыйынында пикир айтты.

Депутат Бишкек шаары мамлекеттин борбору болгондон кийин макамы бар, демек жетекчиликке мамлекеттик тилди билген киши келиши керектигин белгиледи.

"Бишкектин мэрин карагылачы, кимди алып келдиңер? Өткөндө Равшан Жээнбеков досум "беш жыл депутат болуп бир да жолу сүйлөгөн эмес" деп кыйкырып жүргөндө таң калып, беш жылда бир да жолу сүйлөбөгөн кишини Гиннеске киргизиш керек экен деп койгом. Көрсө бир жолу сүйлөптүр да. Депутат болуп келгенде, ант бергенде сүйлөптүр. Бишкек мамлекеттин борбору болгондон кийин макамы бар, демек мамлекеттик тилди билген кишини алып келиш керек болчу. Чала тилди эмес, чарба тилди билген кишини алып келиш керек эле. Биз эмне кылдык?" — деп суроо салды депутат.

Депутат ЖК Рыскелди Момбеков - Sputnik Кыргызстан
Рыскелди Момбеков өкмөттөгүлөрдүн "түркөйлүгүнө" нааразы болду
Ал өз кезегинде өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылып, "жетекчиңизге желмогуз Момбеков жемеледи" деп жеткирип барыңыз деп, сөзүн "сэңк ю вери мач, курбан ыраазы болсун" деп жыйынтыктады.

Эске салсак, Азиз Суракматов быйыл 8-августта калаа башчысы болуп шайланган. Ал бийликке келгенден кийин бир катар жарандык активисттер калаа башчысы кыргыз тилинен тест тапшырбаганын айтып, кыргызтесттен өтүшү керектигин талап кылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0