Жээнбеков: биздин аймакта мурдатан келе жаткан толеранттуулук бар

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЗаседание Национального совета по устойчивому развитию КР в резиденции "Ала-Арча"
Заседание Национального совета по устойчивому развитию КР в резиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков Борбор Азия аймагы маданияттарынын түрдүүлүгү, элинин көп улуттуулугу жана ар кыл конфессиялары менен айырмалана тургандыгын белгиледи.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Борбор Азия аймагы толеранттуулуктун байыркы салттары менен айырмаланып турат. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков "Руханий жибек жол. Азыркынын гуманисттик адаттары менен чакырыктары" деген аталыштагы эл аралык илимий-теологиялык конференцияга жолдогон катында айтылат.

Аны президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуп берди.

Бишкекте бүгүн башталган бул иш-чара эртең аяктайт

"Бул конференция дүйнөдөгү ар кыл чакырыктарды талкуулоодо, маданий-диний байлыкты өнүктүрүүдө жана сактоодо актуалдуу аянтча болуп эсептелет", — деп окуду президенттин жолдогон катын Эсеналиев.

Жээнбеков Улуу Жибек жолу соода-сатыктын эле эмес, илимий байланыштардын да көпүрөсү болгондугун белгилеген. Анын шарапатынан улам, аймак көп маданияттуу мүнөзгө ээ болуп, түрдүү элди, түрдүү конфессияларды бириктирген. Ал эми толеранттуулук алардын ажырагыс бөлүгү болуп кала берген.

Мамлекет башчы конференция илимий жана билим берүү аспектилердин өнүгүшү үчүн шарттарды түзүп бере тургандыгын айткан. Андан сырткары, диний экстремизмге каршы күрөшүүгө жардам берээрин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0