Кемпир. Архивдик сүрөт

Жалгыз бой кемпирди куткаруучулар сактап калды. Токмоктогу окуя

339
(жаңыланган 09:22 14.09.2018)
Ал жалгыз жашагандыктан куткаруучуларды коңшулары чакырган.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Токмок шаарындагы ӨКМдин куткаруучулары ооруп, ордунан тура албай калган кемпирдин эшигин атайын жабдуулар менен ачып кирип, куткарып калышты. Бул туурасында аталган министрликтен кабарлашты.

Окуя кечээ, 12-сентябрда кечки сегиздер чамасында Гагарин көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болгон. Ал жерден куткаруучулар Тез жардамды чакырып, дарыгерлер кемпирди ооруканага жеткиришкен.

Sputnik Кыргызстан Токмок шаарынын аймактык ооруканасына чалып, бейтаптын абалына кызыкты. Оорукананын жетекчиси Бактыгүл Исаева анын инфекциялык бөлүмгө жаткырылгандыгын билдирди.

Ал бейтап ичеги-карындын оорусун жуктуруп алышы мүмкүндүгүн айтып, анализдери бир күндөн кийин чыгарын кабарлады.

"Анализдин жыйынтыгы эртең даяр болот. Учурда өзүнүн дарыгеринен сырткары ага невропатолог карап, кеңеш берип жатат. Үй-бүлөлүк дарыгер менен социалдык коргоо органынын кызматкерин чакырдык. Туруп, басканы менен сүйлөбөй жатат", — деди Исаева.

Дарыгер кемпир жалгыз жашаарын, куткаруучуларды кошуналары чакыргандыгын кошумчалады.

339
Белгилер:
жалгыз бой эне, оорукана, тез жардам, куткаруучу, кемпир, ӨКМ, Токмок
Тема боюнча
Папан суу сактагычына чөгүп кеткен кишини 14 куткаруучу издеп жатат
Чүй: бир чакырымга чейин агып барган киши куткарылды. Жеринен тартылган сүрөт
Пикирлер