Борбор калаанын башчысы Азиз Суракматов Ала-Арча дарыясынын жээгин бекемдөө иштери менен таанышты

Бишкек мэри "Ала-Арча" дарыясын жээктеп кыдырды. Сүрөт

630
(жаңыланган 14:20 14.09.2018)
Калаа башчы дарыянын жээги кандай бекемделип жатканын жеринен көрдү.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Борбор калаанын башчысы Азиз Суракматов "Ала-Арча" дарыясынын жээгин бекемдөө иштери менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Борбор калаанын башчысы Азиз Суракматов Ала-Арча дарыясынын жээгин бекемдөө иштери менен таанышты
    Борбор калаанын башчысы Азиз Суракматов "Ала-Арча" дарыясынын жээгин бекемдөө иштери менен таанышты
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Билдирмеге караганда, ал Мамытов (Чапаев) менен Лев Толстой көчөлөрүндөгү аймакты карап чыккан
    Билдирмеге караганда, ал Мамытов (Чапаев) менен Лев Толстой көчөлөрүндөгү аймакты карап чыккан
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Аталган участоктогу дарыянын жээгин бетон менен бекемдөө пландалып жатат
    Аталган участоктогу дарыянын жээгин бетон менен бекемдөө пландалып жатат
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Жалпы жонунан Рыскулов көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин бетон дубалын куруу зарылдыгы бар экени айтылды.
    Жалпы жонунан Рыскулов көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин бетон дубалын куруу зарылдыгы бар экени айтылды.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 4
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Борбор калаанын башчысы Азиз Суракматов "Ала-Арча" дарыясынын жээгин бекемдөө иштери менен таанышты

Билдирмеге караганда, ал Мамытов (Чапаев) менен Лев Толстой көчөлөрүндөгү аймакты карап чыккан. Аталган участоктогу дарыянын жээгин бетон менен бекемдөө пландалып жатат. Жалпы жонунан Рыскулов көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин бетон дубалын куруу зарылдыгы бар экени айтылды. Бул дарыянын жээгин сактап, дамбанын кыйрап калышын алдын алат.

"Мэр башында турган көчмө жыйынга калаанын вице-мэри Геннадий Милицкий, Биринчи Май районунун акими Токтосун Султанов, "Бишкекзеленхоз" ишканасынын директору Алымжан Усубахунов жана башка жооптуу кызматтагы адамдар катышты", — деп айтылат маалыматта.

Учурда "Бишкекзеленхоз" дарыянын Лев Толстой көчөсүнөн ылдый кеткен жагын тазалап жатат. Буга чейин дарыянын Кочкор көчөсүнөн Лев Толстойго чейинки бөлүгүндө бекемдөө иштери аткарылган болчу.

Бүгүн парламенттин жыйынында эл өкүлү Рыскелди Момбеков калаа мэри Азиз Суракматовду катуу сынга алып, элге чарба тилин билген башчы керектигин айткан.

630
Белгилер:
Бишкек, Ала-Арча дарыясы, Азиз Суракматов, мэр, дарыя, дамба
Тема боюнча
Депутат мэр Азиз Суракматовду Гиннес китебине киргизүү тууралуу айтты
Бишкекте жаңы аллея пайда болду. Сүрөт
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Кеминде май куюучу жай өрттөнүп жатабы? Видео

46
(жаңыланган 00:46 03.08.2021)
Өрт боюнча азырынча ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Видео социалдык тармакка жүктөлдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда ири өрт чыкты.

Видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май куюучу жай өрттөнүп жатат.

ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Чүй облусунун башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү тастыктап, эки өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткенин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, май куйган бекеттин жанында кичи автобус күйүп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

46
Белгилер:
Кемин, өрт, Күйүүчү май, май куюучу бекет, ӨКМ
Тема боюнча
Беловодское айылында кичи базардан өрт чыкты. Элди чуу түшүргөн видео

Аябай бактылуу болуп турам! Акаевдин сурактан чыккандан кийинки маеги видеодо

83
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Бишкекке 16 жылдан кийин кайтып келип, УКМКга сурак берди. Ал Кумтөр кенине байланышкан кылмыш иши боюнча тергөөнүн алкагында чакырылган.

Мурдагы мамлекет башчы УКМК имаратынын ичинде суракта бир нече саат отуруп чыкты. Ал чыгып бара жатып журналисттердин суроолоруна да жооп берди.

Акаев билген маалыматтарын бөлүшүүгө жана мекенине келүүгө уруксат бергени үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле тергөө иштери менен өлкөдө бир жума жүрүп кайра Москвага кетерин айтты. Ал эртең дагы сурак берүү үчүн УКМКга келет.

Акаев бүгүн мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен жолукканын белгилеп, ага ыраазычылык айтты.

"Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. Себеби 16 жылдан бери биринчи ирет Ата журтка, элибизге келип отурам. Кумтөр боюнча билгенимдин баарын айтып берип, өлкөгө жардам берем. УКМК төрагасына ыраазычылык билдирем, мени жакшы тосуп алып, көңүл буруу менен мамиле кылышты. Болгон чындыкты чын жүрөктөн айтуу үчүн келдим ", — деди мурдагы президент.

Буга чейин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирген.

Ушул эле иш боюнча бир катар аткаминер, депутаттар кармалды. Анын арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов (кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди) да бар.

83
Белгилер:
Аскар Акаев, кылмыш, Кумтөр, сурак, келүү
Тема боюнча
Аскар Акаев Кыргызстанга канча убакытка келгенин айтты
Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум, ага ыраазымын!