Депутаттар "Чыңгыз Айтматов" орденин киргизүүнү сунуштады. Кимге берилет?

© Sputnik / Лев Иванов / Медиабанкка өтүүУлуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта сыйлыктар системасында сегиз орден бар.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары "Чыңгыз Айтматов" орденин киргизүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу парламенттин жалпы жыйынында демилгечи депутаттардын бири Аида Касымалиева билдирди.

Эл өкүлдөрү сунушутаган мыйзам долбооруна ылайык, "Чыңгыз Айтматов" ордени кыргызстандык жана чет элдик жарандарга берилет.

Депутат ЖК Рыскелди Момбеков - Sputnik Кыргызстан
Рыскелди Момбеков өкмөттөгүлөрдүн "түркөйлүгүнө" нааразы болду
Мыйзам долбоорунун аныктамасында "Чыңгыз Айтматов" ордени эл аралык деңгээлдеги адабият, кино жана башка искусство жаатында эң көрүнүктүү жетишкендиктери жана чет өлкөдө кыргыз адабиятын жана искусствосун илгерилетүүгө кошкон салымы үчүн КР жарандарына, ошондой эле жемиштүү чыгармачылык ишмердиги, гуманизм идеяларын жылдырууда, адамзаттын ички дүйнөсүн өнүктүрүү жана тынчтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн чет өлкөлүк адамдарга ыйгарылат.

Орден маанилүүлүгү жагынан үчүнчү даражадагы "Манас" орденинен кийин турарын "КР президентинин мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы Жылдыз Сманбаева жыйында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө мамлекеттик сыйлыктар системасында I, II, III даражадагы "Манас" ордени, "Курманжан датка", "Даңк", "Данакер", "Достук" жана "Баатыр эне" ордендери бар.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлмөй болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0