Чатыр. Архивдик сүрөт

Кочкор, Өзгөн жана Токтогулдун айрым айылдарында балдар чатырда окуп жатат

99
(жаңыланган 12:33 15.09.2018)
Кээ бир жерде балдар чатырда окуса, кээсинде тамак гана ичет.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маалымат жыйында Өзгөн, Кочкор жана Токтогул райондорундагы айрым айылдарда балдар чатырда окуп жатканын айтып, жыл аягына чейин мектептин курулушун аяктоо боюнча Курулуш агенттигине тапшырма берилгенин айтты.

Ал өз сөзүндө жакында эле Өзгөн районуна барып, мектеп имаратында эмес, чатырда окуп жаткан окуучулардан кабар алыганын белгиледи.

"Курулуш агенттигине керектүү каражатты бөлүп берели деп декабрдын аягына чейин курулушту бүтүргүлө дедик. Андан тышкары, Кочкор районунда эки мектеп бар, бирөө Туз айылында. Ал жерге палатка коюлган, бирок балдар ал жерде окубайт. Жакын жерде жайгашкан үйлөрдү ижарага алып, балдарды окутуп жатабыз. Токтогул районунда дагы бир айылда балдар тамак-ашты боз үйдөн ичип жатышат", — деди министр.

Кудайбердиева аталган аймактагы мектептер жаңы имаратка муктаж экенин билдирди.

99
Белгилер:
окуучу, мектеп, Гүлмира Кудайбердиева, Кыргызстан
Тема боюнча
Исакова: Бишкекте 2020-жылга чейин сегиз мектеп курулат
Кудайбердиева: Бишкекте мектепке кирүү үчүн электрондук кезекке туруу керек болот
Пикирлер