Маршрутка айдоочусу. Архив

Карыяны албай кеткен айдоочунун жетекчиси окуянын чоо-жайын түшүндүрдү. Видео

443
(жаңыланган 12:33 15.09.2018)
Бишкек мэриясынын аппарат башчысы жүргүнчү ташыган фирманын жетекчисинин кечирим сураган видеосун жарыялады.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Борбор калаада №223 каттамды тейлеген фирманын жетекчиси пенсионерди автоунаага салбай койгон айдоочу үчүн кечирим сурады. Видеону Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев Facebook баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, окуя 13-сентябрда саат 17:00дөр чамасында болгон.

"Айдоочу жүргүнчүнү аярламада эмес, жол чырагы орнотулган жерде тургандыктан салган эмес. Эрежеге ылайык иштеген айдоочунун кадамы, албетте, адамкерчиликке жатпайт. Андыктан өзүмдүн жана айдоочунун атынан да кечирим сурайм", — деди фирма жетекчиси.

Буга чейин социалдык тармакта пенсионерди маршруткага киргизбей койгон айдоочунун видеосу тараган. Анда кары адам эшиктин туткасын ачууга аракет кылып, бир нече ирет эшикти койгулаганын да көрүүгө болот.

443
Белгилер:
маршрутка, кечирим, Балбак Түлөбаев, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте пенсионерди салбай кеткен №223 маршрутка айдоочусу жазаланабы? Видео
Чу дарыясы. Архивдик сүрөт

Шейшембиге карата аба ырайы

2
(жаңыланган 21:01 28.09.2020)
Шейшембиге караган түнү Ысык-Көл, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Шейшемби күнү, 29-сентябрда, күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар түшөт. Ал эми өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Кар жаап, суук түшөбү? Бир жумага карата аба ырайы

Абанын температурасы Чүйдө +15...+20, Талас, Нарын жана Ысык-Көл аймактарында +14...+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21 градус болору айтылды.

Күндүн табы борбор калаабыз Бишкекте +18...+20, Ош шаарында +19...+21 градус жылыйт.

2
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кыштын илеби жакындап... Октябрь айына карата аба ырайы
Twitter социалдык тармагы. Архив

Twitter РИА Новостиге санкция киргизди. "Россия сегодня" үн катты

9
Социалдык тармактын бул кадамы боюнча эл аралык агенттик маалымат берип, азырынча администрация кайрылууга эч кандай жооп бербегендигин айтты.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Америкалык Twitter социалдык тармагы РИА Новостиге цензура койду. Бул тууралуу аталган агенттик жазды.

Анын аккаунтуна катталбаган интернет колдонуучулар эми агенттиктин баракчасын Россиядан да, башка аймактардан да таба албайт. Мындан мурдараак ушундай жол менен Russia Today менен Sputnik профилдери да чектөөгө алынган.

"Twitter тарабынан көрүлгөн мындай чектөө ЖМКга болгон цензура деп эсептейбиз, буга Россиянын Конституциясында тыюу салынган. Биздин кайрылып, сураганыбызга эч кандай реакция болгон жок жана чечимдерин түшүндүрө алышкан жок. Маргарита Симоньяндын жеке аккаунтунда "мамлекеттик басылма" деген белги турат. "Америка үнү" же "Азаттык радиосунда" коюлган андай нерсени таба албайсыз. Бул ушундай адилеттүүлүк жана тең укуктуулук. Анан, албетте, туура "сөз эркиндиги", ансыз кантип болсун. Бул текстти Роскомнадзор кайрылуусу деп эсептөөнү суранабыз", — деп билдиришти "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин маалымат кызматынан.

Мамлекеттик думанын маалымат саясаты боюнча комитетинин мүчөсү Антон Горелкин цензура террордук ыкма менен киргизилди деп эсептейт.

Жаңылыктарга каршы үгүт: батыш ЖМКлары позициясын алдырдыбы?

"Бул жарыяланбаган согуш деп аталат... Эгерде РИАнын түрмөгүнүн администрациясы тарабынан эрежелери бузулса, санкциянын салынышы туурасында түшүндүрүшү керек эле. Ал эми бул жерде тармактагы издөө кызматынан ири маалымат агенттигинин аккаунтун чыгарып салып, унчукпай отурушат", — деди Горелкин.

Федерация кеңешинин Конституциялык мыйзамдуулук боюнча төрагасынын орун басары, Маалымат саясаты боюнча комиссиянын мүчөсү Александр Башкин РИА Новостинин Twitter тармагындагы профилин чектеп салуу Россияга каршы жарыяланган кадимки маалыматтык согуш деп мүнөздөдү.

Август айында Twitter жетекчилиги бийликтин көзөмөлүндө болгон ЖМКларды маркалоо башталарын билдирген эле. Албетте, бул эреже баарына бирдей тиешелүү эмес.

9
Белгилер:
цензура, чектөө, Twitter, АКШ, Россия
Тема боюнча
Кокусунан кетирген катадай эмес. Facebook неге актанды?