БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргызстандыктардын ЖМКларга Ички иштер министрлигинин штаттан тышкаркы кызматкерлеринин оройлугуна нааразы болуп кайрылган учуру арбын.
Элдин көбү мындай кызматкерлердин кандай укугу бар экенин билбейт, мындан улам Sputnik Кыргызстан бул суроолорго жооп издеп ИИМдин маалымат кызматына кайрылды.
Министрлик милиция алгач бул кызматка "даярдыгы бар, абийирдүү жана активдүү жарандарды" ыктыярдуу башталышта кабыл аларын айтты.Штаттан тышкаркы кызматкерлер менен тергөө бөлүмдөрүнүн, ыкчам кызматтардын, коомдук коопсуздук кызматтарынын адистери, жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын бөлүмдөрү жана маалымат кызматтары гана иш алып барат.
Милициянын штаттан тышкаркы кызматкери болом дегендерге төмөнкүдөй талап коюлат:
— бир жерде туруктуу катталышы керек;
— 21 жаштан кичүү болбошу зарыл;
— иштеген жеринен, жумушу же окуусунан мүнөздөмө;
— даярдык, коюлган талаптарды так аткаруу жөндөмү.
Эмне иш кылат:
— милицияга коомдук тартипти сактоого, кылмыштардын жана башка мыйзам бузуулардын алдын алууга, жолун бууганга, алардын бетин ачууга жардам берүү;
— штаттан тышкаркы кызматкер ички иштер орган бөлүмүнүн кызматкеринин жетекчилиги алдында иштейт;
— ички иштер органынын мөөрү басылган күбөлүк алып жүрөт.
Милдети:
— милиционерлерге активдүү көмөктөшөт;
— жетекчи тапшырган ишти так жана өз убагында аткарат;
— кылмыш же ага даярдык тууралуу маалымат ачыкталса укук коргоо органдарын токтоосуз кабардар кылат;
— мыйзамды сактап, жарандар менен өзүн сылык-сыпаа алып жүрөт;
Укугу:
— жарандардан коомдук тартипти сактоону талап кылууга;
— милициянын ишине тоскоол болгон мыйзам бузууларга же айрым аракеттерге жол бербөөгө;
— мыйзам бузгандарды ички иштер органдарына жеткирүүгө жардамдашууга.
Штаттан тышкаркы кызматкер:
— күбөлөрдү, жабырлануучуларды табууга, кылмышкерлер менен дайынсыз жоголгондорду издөөгө жардам берет;
— мамлекеттик, коомдук жана менчик мүлктүн сакталышын текшерүү боюнча рейддерге катышат;
— аймактык инспектор менен кезметке чыгып, жарандардын кайрылууларын кабыл алат;
— аймактык инспектор менен көчөлөрдү жана коомдук жайларды кайтарат;
— жол эрежелерин бузуунун алдын алуу боюнча иш-чараларга катышат.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратованын чоң кызы Айыманын да мойнунун омуртка сөөктөрү сынганы аныкталды. Бул тууралуу ырчы өзү Instagram баракчасына жазды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ал кыргызстандыктардан кызынын батыраак айыгып кетишин тилеп, дуба кылып коюуну сурап кайрылган.
"Айламды таппай турган кезим. Кызым белим дей берип, моюндун омуртка сөөктөрү сынганын эми көрүп жатабыз. Бир капталы кыймылдабай жатат. Элим, дуба кылалы, Аллахтан жардам, сиздерден жардам сурайм! Ушундай колдоо керекте жалгызсыратпаңыздар, суранам!" — деп кайрылды Кайратова.
Эске салсак, Анжелика Кайратова 23-январдын таңында Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Автоунаасында өзү менен кошо үч кызы болгон. Дарыгерлер беш жаштагы кызынын эки бутунун тең кашка жиликтери сынып, ырчынын өзүнүн омурткалары жабыркаганын айткан. Экөөнө тең операция жасалган. Ал эми эки кызынын абалы туруктуу экени кабарланган болчу.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылган коноктордун баарынын коронавируска тапшырган тести таза чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди.
Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулуп, коноктордун баары коронавирус инфекциясына ПЦР-анализ тапшырышкан.
Садыр Жапаровдун инаугурациясы эртең, 28-январда, саат 11:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт.