Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-сен — Sputnik. 15-сентябрда республиканын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +21…+26 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +19…+24 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы Бишкекте +24…+26, Ош шаарында +26…+28 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0