ӨКМ кызматкерлери. Архив

Жалал-Абадда кырсыктардын тобокелчилигин азайтууну үйрөнүп жатышат

(жаңыланган 11:38 17.09.2018)
5-сентябрдан 5-октябрга чейин Кыргызстандын бардык облустарында кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу боюнча бир айлык иш-чаралар өткөрүлөт.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында "Кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу күнүнө" арналган иш-чаралар башталып, жарандык коргонуу кызматтары, авариялык куткаруу унаалары, жергиликтүү калк жана шаар жаштары жөө жүрүшкө чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Жалал-Абад шаарында Кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу күнүнө арналган иш-чаралар башталып, жарандык коргонуу кызматтары, авариялык куткаруу унаалары, жергиликтүү калк жана шаар жаштары жөө жүрүшкө чыкты
    Жалал-Абад шаарында "Кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу күнүнө" арналган иш-чаралар башталып, жарандык коргонуу кызматтары, авариялык куткаруу унаалары, жергиликтүү калк жана шаар жаштары жөө жүрүшкө чыкты
    © Фото / пресс-слжуба МЧС КР
  • Иш-чарага катышуу үчүн Жалал-Абадга барган өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов мындай аракеттердин маанилүүлүгүнө токтолду
    Иш-чарага катышуу үчүн Жалал-Абадга барган өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов мындай аракеттердин маанилүүлүгүнө токтолду
    © Фото / пресс-слжуба МЧС КР
  • Иш-чаранын алкагында шаардагы жарандык коргонуу кызматтары, Жалал-Абад шаардык маданият бөлүмү Кызыл Ай Коому менен биргеликте жабырлануучуга алгачкы жардам көрсөтүү боюнча практикалык билим алууда
    Иш-чаранын алкагында шаардагы жарандык коргонуу кызматтары, Жалал-Абад шаардык маданият бөлүмү Кызыл Ай Коому менен биргеликте жабырлануучуга алгачкы жардам көрсөтүү боюнча практикалык билим алууда
    © Фото / пресс-слжуба МЧС КР
  • Белгилей кетсек, 2018-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин Кыргызстандын бардык облустарында кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу боюнча бир айлык иш-чаралар өткөрүлөт.
    Белгилей кетсек, 2018-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин Кыргызстандын бардык облустарында кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу боюнча бир айлык иш-чаралар өткөрүлөт.
    © Фото / пресс-слжуба МЧС КР
1 / 4
© Фото / пресс-слжуба МЧС КР
Жалал-Абад шаарында "Кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу күнүнө" арналган иш-чаралар башталып, жарандык коргонуу кызматтары, авариялык куткаруу унаалары, жергиликтүү калк жана шаар жаштары жөө жүрүшкө чыкты

Иш-чарага катышуу үчүн Жалал-Абадга барган өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов мындай аракеттердин маанилүүлүгүнө токтолду.

"Биз калкты өзгөчө кырдаалдар коркунучу жөнүндө кабардар кылуу, өзүн сактоо жолдорун үйрөтүү боюнча көп күч жумшап келебиз. Бирок бул аракеттер чектелүү болуп жаткандыктан, аны жакшыртышыбыз керек", — деди Мирзахмедов.

Иш-чаранын алкагында шаардагы жарандык коргонуу кызматтары, Жалал-Абад шаардык маданият бөлүмү Кызыл Ай Коому менен биргеликте жабырлануучуга алгачкы жардам көрсөтүү боюнча практикалык билим алууда.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин Кыргызстандын бардык облустарында кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу боюнча бир айлык иш-чаралар өткөрүлөт.

Белгилер:
кырсык, ӨКМ, Нурболот Мирзахмедов, Жалал-Абад облусу
Тема боюнча
Депутат Ысык-Көлдө киши өлүмүн азайтуунун жолун сунуштады
Ак-Сай жайлоосунда кар жаады. Сүрөт
Кыргыз-Түрк Манас университетинин экологиялык инженерия бөлүмүнүн профессору, техника илимдеринин доктору Канатбек Кожобаев

Кожобаев: экологияны коргоодо калдыксыз технологияны колдонуу зарыл

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин экологиялык инженерия бөлүмүнүн профессору, техника илимдеринин доктору Канатбек Кожобаев экологияны коргоп кантип экономикага салым кошсо болорун айтып берди.
Кожобаев: экологияны коргоодо калдыксыз технологияны колдонуу зарыл

Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүү, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу — учурдун талабы. Мындай пикирин Канатбек Кожобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, экологиялык сабаттуулукту жогорулатууда алгач адамдардын аң-сезимин көтөрүп, маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө маани берүү керек.

"Экологияны коргоодо жана экономиканы өнүктүрүүдө калдыксыз технологияга өтүш керек. Бул оңой эле ишке ашат. Адамдардын аң-сезимин өзгөртүү аркылуу экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу зарыл. Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүүгө, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу, биогаз чыгаруу — учурдун талабы. Мындай технологияны айыл жерлеринде көп колдонуш керек. Демилгени мамлекет колдоп берсе, жылыш жакшы болот эле. Элди ушундай пайдалуу ишке кызыктыруу зарыл", — деди Кожобаев.

Ошондой эле профессор экономика өнүккөн жерде экология зыянга учурап, бири-бирине каршы чыккан учурлар көп болорун кошумчалады.

Белгилер:
Канатбек Кожобаев, Технологиялар, экономика, экология
Тема боюнча
Донбаева: жайытты туура эмес пайдалануу тоолордун экосистемасын бузат
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров

Бакиров: үч же андан көп балага кирешенин 50%ы алимент катары төлөнөт

(жаңыланган 11:19 23.04.2021)
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров алимент төлөө кандайча аныктала турганын айтып берди.

Жубайлар ажырашып кеткен учурда ортодо үч же андан көп бала болсо атанын же эненин тапкан кирешесинин 50 пайызы алимент катары төлөнөт. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.

Бакиров: үч же андан көп балага кирешенин 50%ы алимент катары төлөнөт

Анын айтымында, үлүштүн өлчөмү тараптардын материалдык, үй-бүлөлүк абалын же көңүлгө алынуучу жагдайларын эске алуу менен сот аркылуу аныкталат.

"Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Анын тартиби Кыргызстандын Үй-бүлө кодексинин 85-беренесине ылайык, ата-эне тарабынан аныкталат. Жашы жетпеген балдарды багууга каражат берилбесе, сот тарабынан өндүрүлөт. Бир балага ата-эненин кирешесинин төрттөн бири, эки балага үчтөн бири, ал эми үч же андан көп бала болсо, тапканынын жарымы бөлүнөт. Алименттин орду жагдайга жараша азык-түлүк менен да толтурулушу ыктымал. Ата-эненин кирешесинин жоктугу аларды алимент төлөө милдетинен бошотпойт. Кыймылсыз же кыймылдуу мүлктү менчигине өткөрүп берип, алименттин белгилүү бир суммасынан кутулушу керек", — деди Бакиров.

Юрист ата же эне жашы жеткен, бирок эмгекке жөндөмсүз, кайсы бир дартына байланыштуу жардамга муктаж балдарга жардам берүүгө милдеттүү экенин кошумчалады.

Белгилер:
ата-эне, алименты, юрист, Артур Бакиров
Тема боюнча
Документи жок мүлк жубайлар ажырашканда кантип бөлүнөт? Юристтин кеңеши