КСДПчылар Атамбаевди кыса кучактап туулган күнү менен куттукташты. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-президент 1956-жылы 17-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында жарык дүйнөгө келген.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Бүгүн, 17-сентябрда экс-президент Алмазбек Атамбаев 62 жашка толду.

Аны КСДПнын мүчөлөрү салтанаттуу куттуктаган видеосун Facebook социалдык тармагына Мээрим Асанова аттуу колдонуучу жарыялап, "Туулган күнүңүз менен, Алмазбек Шаршенович" деп жазган.

Ал эми КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева партиянын офиси жайгашкан "Форум" аттуу имаратка келген Атамбаевди партиялаштары туулган күнү менен куттуктап сюрприз жасашканын маалымдады. 

"Бул атайын уюштурулган иш-чара эмес. Болгону партиялаштар күтүүсүз жерден белек кылалы деп эртең менен форумга келишкен, бул ошол жерден тартылган видео", — деди Жолдубаева. 

Ал ошондой эле экс-президентке китеп белек кылышканын жана ал өздүк майрамын кечкисин үй-бүлөсү менен тосорун кошумчалады. 

Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын 30-октябрынан 2017-жылдын 24-ноябрына чейин Кыргызстандын президенти болгон.

Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чини бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0