Маршруттук таксинин ээлери Суракматов менен жолугуп жол кирени көтөрүүнү сурады

© пресс-служба мэрии города БишкекВстреча мэра столицы Азиза Суракматова с руководителями фирм-перевозчиков
Встреча мэра столицы Азиза Суракматова с руководителями фирм-перевозчиков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэр айдоочуларды жүргүнчүлөр менен сүйлөшүүдө маданияттуу болууга үндөдү.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Борбор калаада жүргүнчү ташыган фирмалардын жетекчилери мэр Азиз Суракматов менен жолугуп жол кирени көтөрүү маселесин айтышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирүүгө ылайык, жолугушуу учурунда калаа башчысы коомдук транспорттун айдоочуларына көп арыздар түшүп жаткандыгын айтып, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча бирдиктүү стратегияны иштеп чыгууга көмөктөшүүгө чакырды. 

"Жол кирени көтөргөнгө чейин жүргүнчү ташууну жана жол эрежелерин тартипке салуу керек. Ошондой эле унаалардын санитардык, техникалык абалын жакшыртуу зарыл. 

Катары менен шуулдап кызыл жарыктан өткөн маршруткалар. Видео - Sputnik Кыргызстан
Катары менен шуулдап кызыл жарыктан өткөн маршруткалар. Видео
Жүргүнчүлөр менен сүйлөшүүдө да маданияттуу болууга чакырам", — деди Суракматов.

Эске сала кетсек, 2-апрелде Бишкек шаарындагы маршруттук таксинин айдоочулары иш таштап, каттамга чыкпай койгон. Алар милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алуудан баш тартуу жана жол кирени жогорулатуу талабын койгон болчу

Жаңылыктар түрмөгү
0