Облустук казыяттар бухгалтерияны 1С программасы менен жүргүзүүнү үйрөнөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовРабота фрилансеров в КР
Работа фрилансеров в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтий өлкө аймагындагы мечиттерге видео көзөмөл орнотууну активдештирүү зарылдыгына да токтолду.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев облустук казыяттардын бухгалтерлерин 1С программасын терең үйрөнүп, казыяттарда финансылык отчеттуулукту күчөтүү керектигин айтканын муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Слушатель духовной школы - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абаддагы диний окуу жайлар казыят тарабынан текшерилди
Ага ылайык, Максатбек ажы Токтомушев Борбордук текшерүү комиссиясы тарабынан облустук казыяттардын бухгалтерлерине уюштурулган окуу семинарынын ачылыш аземине катышып, окуу курсунун өтүшү жана казыяттарга 1С бухгалтериялык программасынын орнотулушу чоң жетишкендик экендигин баса белгилеген.

Муфтий ошондой эле финансы тармагында тактык жана ачык айкындуулук болушу керектигин айтып, бул тармакта өзүнүн эрежеси менен иш алып баруу жакшы натыйжа бере тургандыгын билдирди.

"Бухгалтериялык отчетту так карашыбыз керек. Бүгүнкү күндөгү сын-пикирлер акча каражаттары боюнча айтылууда. Биз өткөндөн сабак алып, ар бир сумманы так карап, күн сайын отчетун чыгарып туруубуз зарыл. Мына бүгүнкү күнү аймактарга чейин 1С программасы киргизилип жатат. Бул биз үчүн чоң жетишкендик", — деди Токтомушев.

Ал ошондой эле өлкө аймагындагы мечиттерге видео көзөмөлдү орнотууну активдештирип, мечитке келген жарандарга жакшы шарт түзүп берүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0