Атайын өрт коюлушу мүмкүн. ИИМ "Ош" базарындагы өрт боюнча ишти сотко жөнөттү

Жазылуу
Экспертиза эки учурда электр зымдарынын тийишип кетүүсүнөн өрт чыкканын көрсөткөн. Ал эми үчүнчү учурда атайын өрт коюлган деп болжолдонууда.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. "Ош" базарында чыккан өрт боюнча козголгон үч кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин тергөө кызматынын начальниги Нурлан Утемисов билдирди.

Анын айтымына караганда, кылмыш иши "Ош" базарынын аймагындагы кичи рыноктордун ээлерине карата козголгон. Ошентсе дагы тергөөчүлөр "атайын өрт коюлган" деген версияны дагы текшерип көрүшкөн.

Пожар на рынке Каракола - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдөгү акыркы үч өрткө криминалдык чөйрөнүн тиешеси барбы? ИИМдин жообу
Экспертиза эки учурда электр зымдарынын тийишип кетүүсүнөн өрт чыкканын көрсөткөн. Ал эми үчүнчү учурда атайын өрт коюлган деп болжолдонууда.

"Ош" базарынын аймагындагы биринчи өрт үстүбүздөгү жылдын 30-январында болгон. Анын кесепетинен 108 соода түйүнү жайгашкан 3500 чарчы метр аянт күйүп кеткен.

Экинчи жолку өрт 5-март күнү кечке маал башталган. Жалын 700 чарчы метр жерди жалмаган.

Ал эми 13-апрелге караган түнү базардан үчүнчү ирет өрт чыгып, 2500 чарчы метр жер күйүп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0