УКМК төрагасы: Сатыбалдиев ооруканага жатты, Артыкбаевге операция жасалды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаГлава ГКНБ Идрис Кадыркулов
Глава ГКНБ Идрис Кадыркулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Осмонбек Артыкбаев менен Жантөрө Сатыбалдиаев Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында камакка алынган.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, камактагы депутат Осмонбек Артыкбаев менен мурдагы премьер Жантөрө Сатыбалдиевдин ден соолугу тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Артыкбаевге жакында эле жүрөгүнө операция жасалса, Сатыбалдиев 18-сентябрда кардиологияга жаткырылган.

"Абак деген абак экен, курорт эмес. Ошондуктан ал жактагыларга шарт түзүп бергенге аракет кылып жатабыз. Осмонбек Артыкбаев жакында сыркоолоп, кардиологияга үч жумадай жатып, жүрөгүнө операция жасатып, реабилитация курсунан өтүп келди. Анын абалы турукташты. Жантөрө Сатыбалдиев дүйшөмбү күндөн бери медициналык кароодо жүрүп, кечээ, шейшемби күнү кардиологияга өзүнүн дарыгеринеин көзөмөлү менен ооруканага жаткырылды", — деди ал.

Кадыркулов камактагылардын ал-абалын Омбудсмен институтунан, депутаттар жана убактысы болгондо өзү да барып сурап турарын белгиледи.

Белгилей кетсек, Осмонбек Артыкбаев менен Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0