БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Жайында Памирге кеткен 18 боордош Кыргызстанга кайта элек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Миграция кызматынан кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова билдирди.
Анын айтымында, учурда алар менен байланышуу да мүмкүн болбой жатат.
"Кечээ бул жактагы туугандарынан сурасам Файзавадга Тажикстандын визасын алганы кетиптир дешти. Негизи транзиттик виза болбосо бул жакка кайра кире алышпайт. Биз кетип жатканда аларга үч айга чейин жарайт деген чыгуу визасын бергенбиз. Келет деп күтүп жатабыз, бирок байланыш жок. Элчиликке деле кайрылышпаптыр. Кеткендердин көбү Нарындагы лицейди окуп бүтүргөн балдар болчу, сертификаттарын алышкан. Бирок кайра келип окуубузду улантабыз дегендей кылышкан. Чыгуу визасы боюнча алар бизге октябрга чейин кирүү укугу бар. Эгер ага жетишпей калса, анда Кабулга барып кайра виза жасатууга туура келип калат", — деди Мамбетова.
Эске салсак, 2017-жылдын октябрь айында Памирде жашаган 33 этникалык кыргыз тарыхый мекенине өкмөт тарабынан көчүрүлүп келип, Куланак айылына отурукташкан. Кийин 2018-жылы жазга жуук дагы бир нече адам келген.Ал эми 6-июлда 18 киши жайкы каникулга карата Бишкектен Памирди көздөй сапар алышкан. Алардын арасында бир нече үй-бүлө жана 6 жашка чейинки эки кичинекей бөбөк бар болчу. Ошентип Кыргызстанга келген боордоштордун ичинен Нарында 33ү калган. Анын үчөө кесиптик-лицейде билим алган балдар болчу. Ошолордун ичиндеги Ноорулхуда менен Авдувакил учурда Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинде билим алууда.
Мамбетова балдар сентябрь айынан бери аталган университеттин алдындагы колледж жана гимназияда окуп баштаганын айтты.
"Былтыр Кыргызстанга келген боордоштордун ичинен 22 жаштагы Ноорулхуда менен 19 жаштагы Авдувакил буга чейин Афганистандын борбору Кабул шаарындагы мектептен билим алышыптыр. Балдардын окуду деген документтери Кыргызстанга жайында келди. Аны алып биз Билим берүү министрлигине "экөөнүн алган билими биздин өлкөнүн стандарттарына туура келеби" деп көрсөтүп көрдүк. Министрлик карап чыгып биринин билими 8-класстын, экинчисиники 10-класстын программасына туура келет деген тыянак чыгарып берген. Учурда Абдувакил ОшМУнун алдындагы "Ыйман" гимназиясында, ал эми Ноорулхуда педогогикалык колледжде билим алууда", — деди Мамбетова.
Боордоштор аталган окуу жайда бекер окуп, алардын тамак-аш, жатаканасынын каражатын да ОшМУ өз мойнуна алган.
Миграция кызматынын өкүлү балдар эмне себептен окуусун Нарында улантпаганын да түшүндүрүп берди.
Ноорулхуда менен Абдувакил Памири экөө тең Улуу Памирдин мурдагы ханы Турдакун ажынын балдары. Турдакун ажы мурун кыргыздардын атынан парламентте депутат болуп, 2016-жылы дүйнө салган.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. 67 жаш курагында СССРдин ат оюндары боюнча эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргызстанда туулган Александр Блинов каза болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.
Блинов 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарында командалык үч таймашта алтын жана жеке үч таймашта күмүш медалдын ээси болгон.Спортчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-мартта Москвада өтөт. Блинов 1954-жылы 19-августта Фрунзе шаарында туулган.
Анын Москвадагы Олимпиада оюндарында жетишкен ийгиликтери боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Жолдорго муз тонуп, тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көлдө +4…+9, Нарын өрөөнүндө +1…+6 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градусту көрсөтөт.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Айбек Бузурманкулов өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Бузурманкулов ээлеген ордунан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кеткен.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Эске салсак, Бузурманкулов Таласка жетекчи болуп 2020-жылдын октябрь айында 5-6-октябрдагы окуялардан кийин келген.