Окуучулар. Архив

Депутат: Оштогу орус мектептерде бир класста 60тан бала окуп жатат

179
(жаңыланган 10:23 21.09.2018)
Эл өкүлү бул көйгөйдү тез аранын ичинде чечүү керектигин өкмөттөн суранды.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынан депутат Искандер Гайпкулов Ош облусундагы орус тилдүү мектептердин маселесин көтөрүп, бир класста 60тан бала окуп жатканын, ошол эле учурда кыргыз, өзбек мектептеринде бир класста 15-20 гана окуучу бар экенин айтты.

Бүгүн депутаттар парламенттин жалпы жыйынында ар түрдүү маселелерди талкуулап жатат.

"Араван районунда Навои атындагы жалгыз орус мектеп бар. Ал жакка райондун бардык айыл өкмөттөрүнөн окуучулар келип окушат. Бул мектепке 50-жылдардан бери бир да кошумча корпус курулган эмес. Бүгүнкү күндө ар бир класста 45-50гө чейин окуучу окуп жатат. Ушул мектепке кошумча корпус куруу боюнча 2019-жылдын бюджетине киргизип, капиталдык курулуш агенттиги менен билим берүү министрлигине тапшырма берип койсоңуздар", — деп депутат өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылды.

Эл өкүлү ошондой эле Ош шаарында алты орус мектеп болсо ар бир класста 60тан бала окуп жатканын айтты.

"Балдар көп экенин министр барганда дагы көргөн. Бир партада үчтөн окуучу отурат. Ошол эле учурда кыргыз, өзбек мектептерде бир класста 15-20дан бала окуп жатат", — деди Гайпкулов.

Депутат бул көйгөйдү тез аранын ичинде чечүү керектигин өкмөттөн суранды.

179
Белгилер:
билим берүү, мектеп, Жогорку Кеңеш, Искандер Гайпкулов, Араван району, Ош
Тема боюнча
Бишкектеги 22 мектепте окуучулардын саны нормадан ашык
Булан институту президент Жээнбековго кайрылды

Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасында тургундар нааразычылыкка чыкты. Видео

8
(жаңыланган 14:16 31.05.2020)
Буга чейин Бишкекте коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылоо үчүн Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынан тышкары дагы үч оорукана даярдалып жатканы айтылган.

Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасынын жанында жашаган 60ка жакын киши медициналык мекемеде коронавируска кабылгандардын дарылануусуна нааразылыгын билдирип чыкты.

Кечээ саламаттыкты сактоо министрлиги Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынан бейтаптарды №6 шаардык клиникалык ооруканасына, Фтизиатрия улуттук борборуна жана Кыргыз-түрк ооруканасына жаткырарын билдирген.

Жашоочулардын айтымында, жарандардын коопсуздугуна эч кандай кепилдик жок. Райондо калк жыш жайгашкандыктан вирус тез жайылып кетиши мүмкүн деп коркуп жатканын билдиришти.

Митингге чыккандар менен саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев сүйлөштү. Ал буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигине ооруканада мурда COVID-19 диагнозу аныкталган жарандар дарылана турганын ырастаган. Учурда ал тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Министрдин орун басарынын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги буга чейин тобокелчиликтерди алдын-ала караштырган. Ошондой коронавирус менен ооруган адамдар бул жерде бир ай убакыт гана жайгаша турганын кошумчалады.

8
Белгилер:
коронавирус, нааразычылык акциясы, оорукана, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Боронов: Нарында көзөмөлдү күчөтүү керек, анализ алууга кошумча жабдуу жөнөтүлсүн
Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов

Боронов: Нарында көзөмөлдү күчөтүү керек, анализ алууга кошумча жабдуу жөнөтүлсүн

9
(жаңыланган 14:12 31.05.2020)
Кубатбек Бороновдун айтымында, COVID-19 дартын жуктуруп алгандар менен байланышта болгон жактардан алынган ПЦР-анализдин жыйынтыгы бир сутка ичинде чыгарылышы зарыл.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Нарын аймагындагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөөнү күчөтүү керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

"Бул максатта регионго саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жөнөтүлдү. Мындан тышкары, жакынкы күндөрү борбордон регионго тажрыйбалуу вирусолог жана ПЦР-анализ алууга кошумча жабдуу жөнөтүлсүн. Учурда ал аймакта анализдердин жыйынтыгы 3-4 күнгө созулуп кетүүдө, ал эми штабдын талабы боюнча жыйынтык бир суткада чыгарылышы зарыл. Мунун өзү оорунун жаңы учурларын кыскартууга шарт түзөт", — деди Боронов.

Андан соң биринчи вице-премьер-министр Россия Федерациясынын Соль-Илецк шаарынан кайтып келген жарандардан жеринде экинчи ирет ПЦР-анализ алынып, кезектеги штабдын кеңешмесинде ал боюнча так маалымат берүүнү тапшырды.

31-майдагы маалыматка караганда, Нарын облусунда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 358ге жетти.

9
Белгилер:
көзөмөл, коронавирус, Нарын облусу, Кубатбек Боронов, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID-19: вируска каршы турган дагы алты медик оору жуктурду