Аялым башканы таап алган окшойт. Жубайы чет жакта иштеп жүргөн эркектин баяны

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүГорода мира. Витебск
Города мира. Витебск - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында аялы эки баласын таштап чет өлкөгө иштегени кетип келбей жаткан күйөөнүн турмушу баяндалат.

Свадьба Джорджа Клуни и Амалы Аламуддина - Sputnik Кыргызстан
Сүйүүмө эми жолуктум, бирок аялымды таштай албайм... Эки ортодо калган жигит
Кимге кайрылышты деле билбейм. Тааныштарыма же туугандарыма төгүлүп бир нерсе айтып бергенден тартынам. Эркекмин да намыс жол бербейт, анын үстүнө бирөөгө байкуш болуп көрүнгүм келбейт. Ичимен сызып эле жүрөм, акыры анонимдүү түрдө психологго кайрылып көрүүнү туура көрдүм.

Көйгөйдүн баары эле көр оокат, акчанын айынан чыгат турбайбы. Өзүм курулуш тармагында иштейм. Бирде жумуш жакшы болсо, күн сууктаганда басаңдап калат. Аялым мурда базарда соода кылчу. Кийин удаа эки бала төрөп ишке чыкпай калды.

Бала менен батирден батирге көчө берип тажап, акыры айылдагы үлүш жерди сатып, эптеп акча чогултуп шаардын чет жагынан жер алдык. Үйдү бошогон убакта өзүм эле сала баштадым. Там салган оңой эмес экен, акча деген суудай эле кетип жатты. Аялым үйдө балдар менен отурса, менин тапканым балдардын кийим-кече, тамак-ашынан артчу эмес. Ошентип эптеп бир бөлмөсүн бүтүрүп алып жашадык. Балдар бат эле чоңоюп, улуусу мектепке бара баштады. Акча тыйын, үйдүн айынан кээде урушабыз. Балдардын экөө тең мектепке бара баштаганда аялым "балдар деле чоңоюп калды чет өлкөгө барып иштеп келейин, эжемдин кызы эки жылда үй салып, унаа алып коюптур. Эптеп акча чогултуп үйдү бүтүрүп салалы" деп калды. "Качанкыга чейин ушинтип кыйналып жүрөбүз" деп мен дагы макул болуп, аны чет жакка жибердим. Балдарды өзүмдүн апам келип карашмай болду.

Туугандарынын кыздары ошол жакта соода менен алектенчү, аларга кошулуп базарда иштей баштаганын айтты. Төрт-беш айга жетпей эле жубайым жумуш жакшы болуп атат деп акча сала баштады.

Бир жыл өткөндөн кийин балдар сагынып, өзүм да жүдөй баштадым. Сүйлөшсөм ал жакта жумуш жакшы болуп жатканын айтып, азыр келе албай турганын билдирди.

"Мейли" дедим, бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин ал биз менен көп сүйлөшпөй, акча да салганын токтотту. Экөөбүз бир айылдан болгондуктан ата-энесине акчалай жардам берип жатканын уктум. Мейли жардам берсин, бирок мага бир ооз айтып койсо болот да.

Жизнь и быт в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Апама деги кандай кыз жагат?! Үйлөнө албай жаткан бойдок жигиттин баяны
Кеткенине үч жылдай болуп калды. Үйдү өзүм эле чекесинен бүтүрүп атам. Жазсам жооп жок, чалсам албайт. Сүйлөшүп калганда кел деп урушуп айтсам, "үнүңдү катуу чыгарба" деп кайра мени беттен алат.

"Балдарды сагынган жоксуңбу, алар сени сагынып жатат" десем "чоң апасы менен жүрбөйбү, барам да" деп мурдагыдай эмес, суз жооп берет. Ушундай мамилесинен улам башка бирөөнү таап алып же бирөө башын айлантып алдыбы деп коркчу болдум.

Менин да көңүлүм сууй баштады. Жатып алып кайдан жибердим экен деп өзүмдү-өзүм жейм. Балдардын апасы жок чоңоюп жатканын көрүп өзүмдү күнөөлөйм. Апам деле карып калган. Алардын кийим-кечесин жууп, тамак жасап атып эле эси оойт. Ал мага "аялыңды артынан барып эле алып келсеңчи" деп сунуштайт. Сарсанаа болуп жатканы көзүнөн байкалат. Жубайым токтоо мүнөз эле аял болчу. Бирок видеочалуу менен сүйлөшкөндө анын кыймыл-аракети, сүйлөгөнү өзгөргөнүн байкадым. Азыр же ажырашкан же чогуу жашаган жубай эмес, ара чолодо жүрөбүз. Билбейм балким бул кээ бир үй-бүлө үчүн көнүп калган көрүнүштүр, бирок чынын айтсам азыр мага аялдын колдоосу, жанымда болгону керек болуп жатат.

Психолог эмне дейт

Кадиян Бообекова, психолог

Тигүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бала карап үйдө отурган күйөөдөн тажадым. Бүлөсүн жалгыз баккан аялдын баяны
Мындай маселе менен кайрылган үй-бүлөлөр көп. Азыр коомдо миграция маселеси өтө көйгөйлүү болуп, анын айынан канчалар ажырашып, канча бала ата-эне мээримин көрбөй чоңоюп жатат. Бул үй-бүлө да ошолордун катарында экен.

Аялынын кеткенине үч жыл болсо, убакыт алыстатты да. Бул жакта отуруп алып ар кайсыны ойлонбой мүмкүнчүлүгү болсо жубайына бир-эки жумага болсо да барып, кантип иштеп, кандай жашап жатканын өз көзү менен көрүп келсин. Ошондо ар кандай ойлоруна чекит коюлат. Болбосо видео чалуу менен шашпай жай баракат сүйлөшүп көрсүн.

Негизи аял киши материалдык жактан көп акча таап калганда, ал үйдө сөзсүз көйгөй жаралат. Анын үстүнө аялдын тапканы эркектикиндей берекелүү болбойт. Муну практика деле көрсөтүп жатпайбы. Эркектин иштебей бала карап, аялдын ар кайсы оор жумушта иштеп калышы бул коомдун трагедиясы. Ортодогу келишпестиктер ушу акча маселесинен да чыгышы мүмкүн.

Бул киши "жакында келбейм деди, жазбай, акча салбай жатат" дептир. Балким буга себеп бар чыгар. Негизи көпчүлүк аялдар себепсиз балдарын таштап кетпейт. Алар мырзаларга салыштырмалуу боорукер келишет. Кантип эле үйүндө баары жакшы болсо аял башка жакка, болгондо да чет өлкөгө качсын. Күйөөсү кызганып урушуп койгондур же ал салган акчаны башка жакка коротуп салган чыгар. Балким күйөөсү тууралуу ага бирөө бир нерсе айткан. Жөндөн-жөн эле аял эркектен кетпейт.

Диванда отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
40тан ашып баратам, өзүм үчүн төрөп алсамбы… Аял кишинин толгонуусу
Бөтөн эл, бөтөн жерде иштөө деле оңой эмес. Аялы жыргаганынан кетпегенин күйөөсү түшүнүшү керек. Ал жакта соода кылса деле кычыраган бир дүкөндө отурбайт да. Биз бул үй-бүлөнү азыр сыртынан эле элестетип алып пикир айтып жатабыз.

Айтор себептери көп болушу мүмкүн. Бизге кайрылган киши ар кимдин сөзүн угуп жатып өзү бир нерсени оюна түйүп алган да, ошого жооп таба албай кыйналып жүргөндүр.

Бир чечимге келиш үчүн алгач өзү менен өзү сүйлөшүп эмнени каалап жатканын так билип, чечкиндүү болуп, андан кийин аялы менен сүйлөшсүн. Эң жакшысы баарын бири-бирине ачык айтып, чечишип алгандары дурус.

Эгер "Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын алкагында бугуңузду чыгарып, кеңеш алгыңыз келсе, news@sputnik.kg дарегине "Адиске анонимдик кайрылуу" деген белги менен кат жолдоңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0