Өкмөт башчы мекендештерин мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин архивдик сүрөтү
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абылгазиев Кыргызстанда жашап жаткан этностордун тилдерин сактап калуу жана аларды окуп-үйрөнүү, өнүктүрүү дагы маанилүү экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргыз тилин билүүгө мамлекеттик деңгээлде муктаждык жаратуу — мамлекеттин максаттарынын бири. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Мамлекеттик тил күнү менен куттуктоосунда айтылат.

"Ааламдашуу толкунунан ар бир этнос өз касиетин, тилин сактап калууга умтулууда. Бирок биз дүйнөлүк маданий казынага "Манастай" улуу эпосту берген кыргыз тилин чайпалып-бөксөрбөгөн байыртадан келаткан тил катары өмүр сүрүүгө тийиш деп ойлойбуз. Бул багытта "Кыргызтест" мекемеси түзүлдү. Анын жобосуна ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлигин койгон жана аларды ээлеп турган адамдар өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн кыргыз тилин керектүү көлөмдө билүү деңгээли бекитилди. Мындан улам коомчулуктун кыргызча үйрөнүүгө болгон көз карашы өзгөрүлдү. Мамлекеттик мекеме-ишканаларда иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлө баштады", — деп айтылат куттуктоодо.

Мындан тышкары, өкмөт башчы Кыргызстанда жашап жаткан этностордун тилдерин сактап калуу жана аларды окуп-үйрөнүү, өнүктүрүү дагы маанилүү экенин кошумчалады.

Ошондой эле Абылгазиев 1989-жылы тарых, маданият жана тил маселесине айрыкча көңүл буруп, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинен "Мамлекеттик тил тууралуу" мыйзамдын кабыл алынышына салымын кошкон инсандарга терең ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0