Милиция кызматкерлери бир жумада 20 миңден ашык жол эрежеси бузулганын каттады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери. Архив
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан 1237 автоунаа айып короого токтотулган.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери бир жумада өлкө аймагы боюнча 20 581 жол эрежеси бузулганын каттады. Бул тууралуу ИИМ ЖКККББдан маалымдашты.

Ага ылайык, 14-20-сентябрь күндөрү 337 айдоочу мас абалында кармалган. 2226 айдоочу автоунааны катуу ылдамдыкта айдаса, 523 айдоочу жол чырактын кызыл жарыгынан өтүп кеткен. Андан сырткары 3585 айдоочу жол белгилерине көңүл бурган эмес.

Жалпысынан 1237 автоунаа айып короого токтотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0