КРде сотко тиешелүү бардык документтер электрондук вариантка өтө баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность Первомайского районного суда в Бишкеке
Деятельность Первомайского районного суда в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келечекте сот кызматкерлер мурдагыдай кагаз документтерди "казып" отурбай, өзүн кызыктарган маалыматты көз ирмемде таап алат

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Соттун автоматташкан маалымат системасы Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда пилоттук долбоор катары иштей баштады. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Председатель Верховного суда КР Гульбара Калиева - Sputnik Кыргызстан
Жогорку сотко жаңы төрайым шайланды
Соттун автоматташкан маалымат системасы деген эмне? Иш сотко түшкөндөн баштап, чечим чыгып, архивге өткөнгө чейин бардыгы электрондук вариант менен жүргүзүлөт. Тагыраагы, ар бир документ электрондук форматка өтөт дагы аны сот системасындагы адис каалаган убагында ачып, таанышып, пайдалана алат.

Аламүдүн райондук сотунун төрагасы Азамат Узакбаевдин айтымында, бул нерсе сот иштеринин ачык-айкын болушуна шарт түзүп, убакытты үнөмдөөгө жардам берет.

"Мында соттошуп жаткан тараптардын арызы, ага тиркелген материалдар, соттук отурумдардын графиктери, протоколдор, жактардын дайын-дареги сыяктуу маалыматтар киргизилет. Андыктан, кызматкерлер мурдагыдай кагаз документтерди "казып" отурбай, өзүн кызыктарган маалыматты көз ирмемде таап алат", — деди Узакбаев.

Келечекте бул система аркылуу мамлекеттик органдардын маалымат базаларынын сот иштерине зарыл болгон материалдарды автоматтык түрдө алууга мүмкүн болот. Мисалы, Мамкаттоо кызматынан соттолуучунун мүлкү, ИИМден мурда соттолгон-соттолбогондугу тууралуу маалыматтарды расмий кат жок эле билип алууга шарт түзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0