Бишкекте №202 маршруттук таксинин каттамы убактылуу өзгөрөт. Карта

© Sputnik / Табылды КадырбековМаршрутка күтүп жаткан адамдар. Архив
Маршрутка күтүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган маршрутка Арча-Бешик көчөсүнө жаратылыш газы киргизилип жаткандыгына байланыштуу башка жол менен каттап баштайт.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Борбор калаанын Арча-Бешик көчөсүнө жаратылыш газы киргизилип жаткандыктан №202 маршруттук таксинин каттамы убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, аталган маршруттук каттам Айни көчөсүндөгү Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жанына токтомокчу.

"№202 маршруттук такси Айни, Чортеков көчөлөрү менен барып, андан ары өзүнүн схемасына түшүп кетет", — деп жазылат маалыматта.

Мэрия жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, алдын ала альтернативдүү жол тандап алууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0