Президент: суу ресурстарын пайдаланууда жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу керек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВыступление президента КР Сооронбая Жээнбекова на 73-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН
Выступление президента КР Сооронбая Жээнбекова на 73-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков БУУда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан үчүн сууну пайдалануу маселелери өтө маанилүү экенин айткан.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынында сүйлөп жатып, акыркы он жылдагы Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу практикасы жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу зарылчылыгын көрсөтүп жатканын айтты. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков өз сөзүндө Кыргызстан үчүн сууну пайдалануу маселелери өтө маанилүү экенине токтолду.

"Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү пайдалануу региондогу бардык мамлекеттерди туруктуу өнүктүрүүгө багытталган чаралардын системасы менен аныкталышы керек. Ошондуктан Кыргызстан Борбор Азияда бул чөйрөдө экономикалык жактан өз ара пайдалуу механизмдерди иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү жактайт", — деди президент.

Последствия цунами в Индонезии - Sputnik Кыргызстан
БУУ: 30 жылдан кийин дүйнө элинин жарымы таза сууга мукурайт
Жээнбеков бул көйгөйдү бир гана сүйлөшүү, түшүнүшүү жолу менен гана чечүү керектигин баса белгиледи.

"Бул контекстте биз ошондой эле КМШ, ШКУ, ЖККУ жана ЕАЭБ сыяктуу регионалдык бирикмелердин да өзгөчө ролун жана жаңы миссиясын көргүбүз келет. Бүгүн обочолонуу саясатын жеңип чыгуу жана кызматташтык менен өнөктөштүк векторлорун өнүктүрүү өтө орчундуу болуп турат", — деди өлкө башчысы.

Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынында, Кыргызстандагы саясий жана социалдык абалга токтолгон болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0