Башка бирөөдөн "крутой" номер сатып алуу оңой болуп калат. Жаңы долбоор

© Sputnik / Эмиль СадыровПроблема затора в Бишкеке
Проблема затора в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамкаттоо кызматынан жаңы долбоор жарандарга кандай пайдасын тийгизээрин айтып беришти.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Юстиция министрлиги өзгөчө комбинациядагы номерлерди кайра каттоону жеңилдетүүнү сунуштап жатат. Бул долбоор коомдук талкууга коюлганы тууралуу ведомствонун сайтында жазылды.

Шарт боюнча "крутой" номердин сертификатын алган жаран өзү жашаган аймактагы Транспортту жана айдоочулук күбөлүктү каттоо департаментине барып, документти көрсөткөндөн кийин гана номерди алат.

"Кээде сертификат алгандар аны сатып же бирөөгө белек кылган учурлар болот. Андайда тараптар нотариуска барып, сертификат берилгендиги боюнча документ даярдатышат. Ошондон кийин гана жаңы кожоюн номерди алып өзүнө каттата (кайра каттатуу — ред.) алат", — дешти министрликтен.

Национальная валюта - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө номерлерди сатуудан бюджетке 9 млн. сом түштү
Сунушталып жаткан долбоор боюнча, жаңы ээси номердин өзүн алууга барганда паспортунун көчүрмөсүн жана сертификатты мурдагы ээсинен алгандыгы (сатып алгандыгы) боюнча маалымат катты гана көрсөтүүсү керек болот.

Министрликтен билдиришкендей, бул жарандардын убактысын жана акчасын үнөмдөйт. Анткени тараптар нотариуска барып, мамлекеттик пошлинаны төлөп отурбай эле, Мамкаттоодон алган маалымкат (саткандыгы же белекке бергендиги боюнча — ред.) менен ишти бүтүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0