Рыскелди Момбеков: кыргыз тили Кыргызстанда квартирантпы?

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловДепутат ЖК Рыскелди Момбеков
Депутат ЖК Рыскелди Момбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Улуттук тил комиссиясынын жарыясына таң калып жатканын айтты.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Депутат Рыскелди Момбеков Кыргызстанда кыргыз тилинин үч айлыгын жарыялоонун өзү уят экенин Жогорку Кеңештин жалпы пленардык жыйынында билдирди.

Эл өкүлү жакында эле кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусун алганынын 29 жылдыгы белгиленгенин айтып, мамлекеттик тилдин Кыргызстанда өсүп-өнүгүшү президенттин кыргыз тилине болгон мамилесине байланыштуу экенин белгиледи.

"Улуттук тил комиссиясы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу "Энетил жана Айтматов" деген аталыштагы мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялады. Мен Кыргызстанда англис тилинин, орус тилинин үч айлыгы, алты айлыгы жарыяланса кабатыр болбойт элем. Бирок Кыргызстанда кыргыз тилинин үч айлыгын жарыялоо деген бул мамлекеттик тилди мазактоо, Манастын тилин мазактоо, кыргыз тилине кыянаттык кылуу. Мамлекеттик тил мамлекет менен жашап өмүр сүрөт, ал үч айга же төрт айга квартирант болуп кирбейт. Эмне деген жарыя? Кыргызстанда кыргыз тили квартирант экенда? Үч ай эле кыргыз тилинде сүйлөп, калган тогуз айда аралаш сүйлөйт экенбиз да", — деди депутат.

Момбеков ошондой эле Камбаралы Бобулов учурунда "Эне тил барда мен бармын, эне тил үчүн камбармын" деп айтканын кошумчалап, ал киши өтүп кеткендиктен "Камбар өтсө мен бармын" деп кыргыз тилине баарылап камкордук көрүү кажет экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0