Бишкектин абасын эмне булгайт? Экотехинспекциянын жообу

Жазылуу
Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция бир катар объектилер жана унаалар текшериле турганын айтты.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. 2018-жылдын башынан бери Бишкектин экологиясына зыян келтирип, абаны булгаган нерселерди ыргыткандыгы үчүн 23 субъектиге 444 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынган. Бул тууралуу Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматы кабарлады.

Председатель правления ОАО Гарантийный фонд Малик-Айдар Абакиров - Sputnik Кыргызстан
Радио
Абакиров: Бишкекте транспорттордон жылына 180 миң тонна түтүн бөлүнүп чыгат
Билдирмеге караганда, калаанын абасы көбүнчө унаалардан чыккан газ жана жолдун чаңынан булганат.

Бишкекте эле 442 миң 346 унаа каттоодон өткөн. Мындан тышкары, "Бишкектеплокоммунэнерго" техникалык тейлөө коммуналдык ишканасында 70 от жагуучу жай бар экени айтылды.

Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы борбор калаанын 47 жаңы конушунда 60-70 миң жеке турак үй бар экенин айтып, анын баары көмүр жагарын кошумчалады.

"Отун катары башка нерселерди эске албаганда орточо эсеп менен ар бир үй 3 тоннадан көмүр жагат. Ошондо жылына 180 миң тонна түтүн бөлүнүп чыгат. Чаң, күл, сернист, азот оксиддери, күйгөн көмүрдөн чыккан зат — мунун баары калаадагы кара түтүндү пайда кылат", — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, ТЭЦ, темир эриткен цехтер, жеке мончо, сауна жана башка өндүрүштөр абаны булгоочу булактар болуп эсептелет.

Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы быйыл да бир катар объектилер жана унаалар текшериле турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0