Ош шаары туулган күнүн белгилейт. Мэрия майрамдын программасын жарыялады

© Фото / Александр ФедоровВид на современный город Ош
Вид на современный город Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар күнүн майрамдоодо бир нече көргөзмө, спорттук оюндар, концерттик программалар өткөрүлүп, жаштардын дискотекасы менен жыйынтыкталат.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында Ош шаарынын 3018-жылдыгы белгиленет. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Учурда майрамды жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн кызуу даярдыктар жүрүп жатканы айтылат.

Шаар күнүнө карата бир катар маданий-массалык иш-чаралар болору күтүлүүдө.

Программа:

4-октябрь

— Саат 10:00. Ош МУнун залында "Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу" симпозиуму;

5-октябрь

09:20 — Ош шаарынын мэриясынын кичи жыйындар залында калаа башчы Таалайбек Сарыбашовдун симпозиумдун катышуучуларын кабыл алуусу;

10:00 — Ош шаардык кеңешинин жыйындар залында Эл аралык жаштар форуму;

10:30 — Борбордук аянт, "Өчпөс от" мемориалдык комплексинде шаар окуучуларынын аянтка тарткан сүрөт көргөзмөсү;

10:40. Борбордук аянтта Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын көргөзмөсү;

Утренний морозный Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Кочкордо манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгы белгиленет
11:00 — Борбордук аянтта "Сулайман-Тоо — Тынчтыктын жана ынтымактын символу" аттуу фестивалы (Ассемблея);

11:20 — Айыл-чарба техникумунан баштап "Ленин" көчөсүнө чейинки аянтта "Ош — ооматтуу ордо калаа!" аттуу майрамдык жарманкеси;

13:00 — Ош улуттук драма театрынын алдыңкы аянтында "Билим жана чыгармачылык жарманкеси";

17:00 — "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда волейбол боюнча мелдеш;

19:00 — Борбордук стадиондо Ош шаарынын күнүнө арналган белгилүү эстрада жана фольклор ырчыларынын, бийчилердин катышуусундагы майрамдык гала концерт;

22:00 — Борбордук стадиондо жаштар үчүн дискотека.

Жаңылыктар түрмөгү
0