Акылайды "сүйлөткөн" Адеми : "Керемет көч" болбосо кыргызча билбей калмакмын

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Керемет көч" мультфильминде Акылайды сүйлөткөн Адеми Кулмамбетова
Керемет көч мультфильминде Акылайды сүйлөткөн Адеми Кулмамбетова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Керемет көч" долбоорун билбеген, көрбөгөн бир да бөбөк жок болсо керек. Ар күнү кечинде көпчүлүк балдар мультфильмдин каармандары Актан, Акылай жана Такай менен түрдүү жерди кыдырып, керектүү, пайдалуу анан кызыктуу маалыматтарды ала алат.

Дал ушул мультфильмде Акылайды сүйлөткөн Адеми Кулмамбетова Sputnik Кыргызстан агенттигинин коногу болду. "Керемет көч" 2006-жылы ишке киришкен. Андан бери убакыт өтүп азыр кичинекей Адеми созулган, суйкайган чоң кыз болуптур.

— Акылайдын үнүн коштогондо канча жашта элеңиз?

— 10 жашта болчумун. Долбоорго үндү 11 жашымда жазып баштаганбыз.

— Азырчы?

— 21ге толдум.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Керемет көчтө" Акылайдын үнүн коштогон Адеми Кулмамбетова
Кыргызская актриса Адеми Кулмамбетова - Sputnik Кыргызстан
"Керемет көчтө" Акылайдын үнүн коштогон Адеми Кулмамбетова

— Кандайча Акылайдын үнүн коштоп калдыңыз. Сынактан өтүү оор болгон эмес беле?

— Ата-энем "КТРКда ушундай долбоорго сынак жарыяланыптыр, барып катышып көрчү" деп алып барышты. Мен анда кичинекей болчумун өзүмө ишенбей эле баргам. Актан менен Акылайды "сүйлөтөбүз" деп сынакка 500дөй бала катышкан. Такайдыкына 700дөй киши келген. Анткени анын үнүн коштоо оор болчу. Ошолордун ичинен Актанга Дастан Мадылбеков, Акылайдын үнүн коштоого мени тандап алышты. Чынын айтсам өтпөй калам го, башка каарманды сүйлөтөт болушум керек деп сүрдөп, толкунданып жаткам. Бирок эки-үч сааттын ичинде эле жыйынтыгын айтышты. Анда бизди текст окутуп көрүп анан алган. Менин оюмча бизде кандайдыр бир динамика болгон үчүн алса керек.

— Жаңы жумушуңуз окууга кедергисин тийгизген жокпу?

— Жок, тийгизген жок, атайын графигибизге карап анан иштечүбүз.

— Калем акыңар жакшы эле төлөп беришсе керек?

— Бизге канча төлөп берип жатканын айтышчу эмес. Баары ата-энебизге берилчү. Кичинекей болсом акчага эмес, ал жакка барып микрофондо сүйлөгөнгө, ошол жактагы жумуштун жүрүшүнө кызыгып барчумун. Анын үстүнө ЮНИСЕФ уюму бизге ар кандай пайдалуу, кызыктуу нерселерди өтүп турчу.

— "Керемет көчтө" кыйналып же тажаган учурлар болду беле?

Детские игрушки Касым и Арууке - Sputnik Кыргызстан
Касым жана Арууке. Кыргызча сүйлөп, кара жорго "бийлеген" куурчактар
— Жок андай деле кыйынчылыктар болгон жок. Башында кыргыз тилинен аябай кыйналдым. Себеби орус мектепте окуп тилим жатыга түшүптүр. Андан кийин үйдөн кыргызча китептерди көп окуп, үн коштоп жатып кыргызча жакшы эле сүйлөп калдым. "Керемет көч" долбоору болбосо мен таптакыр кыргызча билбей калмак болушум керек.

— Үйдөгүлөр менен да орус тилинде сүйлөшчү белеңер?

— Орус, кыргыз тилинде сүйлөшчүбүз. Бирок ортодон англис тилине да ыктап, айтор такыр эле кыргызча сүйлөбөй калгам. Бирок окуганда акцент жок эле жакшы окучумун. Ошентип жүрүп ортодон "Керемет көч" долбооруна катышып калдым. Азыр кыргызча нукура адабий тилде сүйлөбөсөм да, оозеки жакшы эле баарлашам.

© Sputnik / Табылды КадырбековАдеми Кулмамбетова: "Керемет көчтөгү" эмгегибиз үчүн канча акча төлөнүп жатканын билчү эмеспиз
Кыргызская актриса Адеми Кулмамбетова - Sputnik Кыргызстан
Адеми Кулмамбетова: "Керемет көчтөгү" эмгегибиз үчүн канча акча төлөнүп жатканын билчү эмеспиз

— Үй-бүлөң тууралуу да азын-оолак кеп кылсаң?

— Атам режиссер, киносынчы, драматург — Жаныш Кулмамбетов. Апам дагы чыгармачыл чөйрөдөн, мурун актриса болчу. Аты Махабат Байгабылова. Ал "Чыңгыз менен Бүбүсара" деген фильмде Бүбүсаранын ролун аткарган, театрда да бир топ иштеп жүрүп акыры "бул тармак меники эмес экен" деп ишкерликке өтүп кетти. Ата-энем эки ара жолго түшкөн. Бирок биз атабыз менен мамилебиз абдан жакшы. Менден беш жаш кичүү сиңдим бар. Ал дагы "Керемет көчтө" тыйын чычкан сыяктуу майда эпизоддордо үн коштоду.

— Балалыгың тууралуу да айтып берчи? Бишкекте эле төрөлдүң беле?

Каскадер Диана Ашырбаева - Sputnik Кыргызстан
"Көз тийбесин, кепка кий" дешет. Эр сайышка түшкөн каскадер Диана менен маек
— Бала кезимди эстесем албетте жакшы күндөр эске түшөт. Кызыктуу өткөн десем жаңылышпайм. Атам негиздеген "Адеми" деген куурчак театры бар болчу. Бизди таенеме таштап коюп атамдар театр менен көп аймактарды кыдырып кетчү. Мен Ысык-Көлгө барган учурунда чогуу барып калдым. Анда кичинекей эле кыз болчумун. Атама билеттерди сатышып, эл менен кадимкидей эле соодалашчумун. Кайра куурчактарды сүйлөтүп, балдарга жагымдуу маанай тартуулап, айтор ал мага жумуш эмес оюн сыяктуу сезилчү. Атам мени ошондо эле кичинекей кыз дебей жоопкерчиликтүү жумуштарды берип койчу окшойт. Азыр да сиңдимди аябай эркелетет, мени менен чоң кишидей сүйлөшөт. Экөөбүз саясат, илим тууралуу баарлашабыз. Ал менин оюм менен эсептешип, жасап жаткан жумуштарына кеңеш да алып турат. Балалык күндөрүмдүн барагын "Керемет көч" да толуктады. Ал жакта да кызыктуу күндөр көп өттү.

— Демек, чыгармачыл чөйрөгө кичинеңден эле аралашкан турбайсыңбы. Ата-энеңдин жолун жолдоюн деген оюң жокпу?

— Мага караганда сиңдим артист болгусу келет. Жакшы ырдап, бийлейт. Мага андай нерсе көп жага бербейт. Кичинемден эле окуганды жакшы көрөм, энциклопедиянын түрүн алдырчумун. Башында журналист болсом деген кыялдар бар эле. Бирок ортодон кайра ойлонуп кеттим. Бирок чыгармачыл чөйрөдөн азыр алыстай элекмин. "Керемет көчтөн" кийин ЮНИСЕФ уюмунун "Бирге окуйбуз", "Китеп дүйнөсүнө саякат" деген долбоорлорунда Сулууке деген кыркаяктын үнүн коштодум. Азыр деле ар кандай долбоорлорго катышууга чакыруу келет, бирок окуума байланыштуу убактым жок.

© Sputnik / Табылды КадырбековАдеми учурда Бишкек гуманитардык университетинин кытай тили факультетинде билим алууда
Кыргызская актриса Адеми Кулмамбетова - Sputnik Кыргызстан
Адеми учурда Бишкек гуманитардык университетинин кытай тили факультетинде билим алууда

— Кайсыл жакта окуйсуң?

— Учурда Бишкек гуманитардык университетинин кытай тили факультетинде билим алып жатам.

— Эмне үчүн кытай тилин тандап алдың?

— Азыр бизде Кытай тарап менен алака жакшырып көптөгөн ири долбоорлор иштелип жатат. Эл аралык деңгээлде сүйлөшүү учурунда өлкөбүзгө кытай тилин жакшы билген адистер көп эле керек болот деп ойлойм. Мыкты адис жерде калбайт.

— Кытай тили боюнча факультет, курстар да көбөйдү. Аны бүткөндөрдүн айрымдары базарда кытайлык сатуучуларга жардамчы болуп иштеп жүрөт. Өз кесибиң менен жумуш таппай калам деп коркпойсуңбу?

Танцовщица и актриса Назбийке Айдарова - Sputnik Кыргызстан
Актриса Назбийке: баарынан баш тартып жолдошум менен айылда жашоого даярмын
— Андайы да бар. Бирок менин койгон максатым бар. Азыр бакалавр болсо, андан кийин магистратураны аяктап илимий даража алам. Жогоруда айткандай башында мен журналист болом деп улуттук университеттин орус тили жана филология факультетине тапшыргам. Бирок бир жыл окугандан кийин ал жак меники эмес экенин сезип, кытай тилин тандап алдым. ТВнын ашканасын билем, кийин убагы келсе балким журналист деле болуп кетермин. Азырынча кытай тилин өздөштүрүп окуп жатам.

— "Керемет көчтөгү" Актанды сүйлөткөн Дастан Мадалбеков менен азыр мамилеңер кандай?

— Дастан Мадалбеков менден эки жаш уулу. Аябай көп тасмаларда үн коштогон. Манасчы катары Францияга барып байгелүү орун менен кайткан. Дайыма байланышып, мамилебиз жакшы болчу. Чоңойгон сайын эркек балдардын өткөөл мезгилинде үнү өзгөрө баштайт турбайбы, ошол кезде ал "Керемет көчтө" иштебей калды. Мурда дайыма бир студияда үн жаздырып чогуу жүрчүбүз. Кийин билишимче Москвада режиссердун окуусун аяктаптыр.

— Бири-бириңерди жакшы көрчү эмес белеңер?

— Буга чейин эч кимге айткан эмесмин. Чынын айтсам кичине кезимде Дастанды акылдуу бала экен деп аябай жакшы көрүп, ал тургай андан сүрдөчүмүн. Андан кийин чоңойгон сайын көз караш, кызыкчылык өзгөрөт турбайбы (күлүп).

© Sputnik / Табылды КадырбековКулмамбетова: кичине кезимде Актанды "сүйлөткөн" Дастандан сүрдөчүмүн
Кыргызская актриса Адеми Кулмамбетова - Sputnik Кыргызстан
Кулмамбетова: кичине кезимде Актанды "сүйлөткөн" Дастандан сүрдөчүмүн

— Алдыда кандай максаттарың бар?

— Алдыда чоң максаттар деле жок. Башкысы — жакшы окуу.

— Азыр сен курактуу кыздар-балдар социалдык тармакта, айрыкча Инстаграмсыз жашай албай калган өңдүү. Сенин да баракчаңа жазылгандар көп болсо керек.

— "Одноклассники" деген жаңы чыга баштаганда, мен деле ошол жакта отурчумун. Андан кийин тааныган-тааныбагандары деле жазып тажатканда, ал жакты өчүрүп Инстаграмга киргем. Бирок анда деле ошондой көрүнүш болуп, баарын өчүрүп салгам. Бирок мезгилдин талабы болгондон кийин чет өлкөдөгү достор менен сүйлөшүп, өзүмө керектүү маалыматтарды алып туруу үчүн кайра Инстаграмга кошулдум. Мен тааныбаган адам болсо достукка кошпойм.

Жаңылыктар түрмөгү
0