Боом капчыгайындагы жол 19-октябрга чейин күнүнө алты сааттан жабылат

Жазылуу
Бүгүнтөн тарта аталган аймакта тоо боорундагы таштарды түшүрүү иштери башталат.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Боом капчыгайындагы жол маал-маалы менен 19 күнгө чейин жабылып турат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынан билдиришти.

Ага ылайык, 1-19-октябрь күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунун 129чу, 131чи жана 132-чакырымдарында тоо боорундагы таштарды түшүрүү иштери аткарылат.

Бул күндөрү жол кыймылы эртең мененки саат 9:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.

Жолго 30-40тай автоунаа чогулганда таш түшүрүү иштери убактылуу токтотулуп, машиналар өткөрүлүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0