Кайра кетпей коюшкан! Кореядагы элчилик дагы бир аткаминердин айыбын ачыктады

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүТүштүк кореянын желеги. Архив
Түштүк кореянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кореядагы көргөзмөгө Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин сунуштамасы менен үч киши барган.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнөткөн эки кыргызстандык Түштүк Кореяда миграция мыйзамдарын бузду. Бул туурасында аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, быйыл Сеулда Корея импортчулар ассоциациясы тарабынан уюштурулган Import Goods Fair аталышындагы эл аралык көргөзмө өткөн. Мындай иш-чараларда жергиликтүү ишкерлер менен компаниялар Кореянын рыногуна кирүүнү каалаган чет элдик ишкерлер менен жолугушат. Кыргызстандын атынан "КР курортчулар ассоциациясынын" өкүлдөрү келген.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Президент Түштүк Кореядагы элчи менен ТИМдин билдирүүсүн иликтөөнү тапшырды
Кыргызстандын атынан да бул иш-чарага бир топ компаниялар катышкан. Анын арасында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги сунуштаган "Кыргызстандагы курорттордун ассоциациясы" да келген.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча аталган ассоциациянын атынан Мирлан Усубалиевдин жетекчилиги алдында Элгиз Рысалиев менен Бекжан Мирбеков бармак. Бирок элчилик аларга виза даярдап берүүдөн баш тарткан.

"Тилекке каршы Рысалиев менен Мирбеков Кореяга келгенден кийин кайра мекенине кетпей коюп, Кореянын миграциялык майзамдарын бузган. Алардын мындай кадамы Корея бийлигинин Кыргызстандын мамлекеттик органдарына болгон ишенимин жоготуп, мамилеге залака келтирет", — деп жазылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Мындан сырткары дипломатиялык өкүлчүлүк бул өлкөнүн имиджине доо кетирген мамлекеттик кызматкерлердин биринчи жолку эле жоругу эместигин белгилейт.

Экс-замминистра труда и социального развития КР Зууракан Каденова - Sputnik Кыргызстан
Арак ичкен эмесмин! Зууракан Каденова учактагы жаңжал боюнча түшүндүрмө берди
Ошондой эле элчилик мамлекеттик органдар эл аралык иш-чараларга өз өкүлдөрүн жөнөтүп жатканда тыкыр текшерип тандап алууга чакырат.

Эскерте кетсек, Сеул шаарында 22-сентябрь күнү Эмгек, социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова мас абалында бир сааттан ашык жаңжал салып, анын айынан Алматыга уча турган учак эки саат кармалып калганы айтылган.

Бул окуядан кийин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аны кызматынан алуу боюнча буйрукка кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0