Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 1-окт — Sputnik. Республика боюнча 2-октябрда тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында күндүз +20…+25 градуска чейин ысыйт.

Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө +17…+22, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22…+27 градус ысык болот.

Ошто абанын температурасы +24…+26, Бишкек шаарында +23…+25 градус болушу болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0