Медсестра. Архив

Мастит, матка, климакс... Гинекологиялык сөздөрдүн кыргызча аталышы

3344
(жаңыланган 16:50 23.10.2018)
Адистер медициналык терминдерди кыргызчага которуу оор экендигин белгилешет. Себеби илдеттердин аталышынын көбү грек тилинен келген. Ошентсе да алардын кыргызча маанисин табууга мүмкүн.

Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасында дал ушул темага токтолобуз. Медициналык терминдерди темага бөлүп берүүнү эп көрдүк. Бүгүн гинекологияга байланышкан сөздөрдү чечмелейбиз.

Материалды даярдоого Кыргыз-орус славян университетинин профессору, "Медициналык орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүк" китебинин автору Аттокур Жапанов жардам берди.

Гинекология — гректин "аял" жана "үйрөнүү" деген сөзүнөн куралган. Башкача айтканда аялдын анатомиясын жана физиологиясын изилдөөгө арналган илим.

Сифилис — котон жарасы. Жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оору. Илдет теринин былжырлуу катмарын, ички органдарды, сөөктү жана нерв системаларын жабыркатат.

Климакс — аялдын жыныстык системасынын иштешинин төмөндөп барып токтошу. Мында аялдын эн бездери жыныстык гормондор болуп эсептелген эстроген менен прогестеронду иштеп чыгаруусун токтотот. Гормондор жок этек кир келбей калат, демек, эне болуу мүмкүнчүлүгү токтойт.

Миома — жатын булчуңдарынын залалдуу эмес шишик түрүндө пайда болгон оорусу. Жатынга, таманга суук тийгенде, бойдон алдырганда, гормоналдык өзгөрүүлөргө дуушар болгондо, туура эмес тамактанганда, жыныстык жашоодон канааттанбаганда пайда болот.

Киста — ичи сары суу сымал суюктукка толгон шишик. Ал миомадан айырмаланып жатында эмес, жумурткада пайда болот.

Молочница — оозул. Илдет адамдын организминде боло турчу кандидоз грибогу башка бактерияларга кошулуп көбөйүп кеткенде пайда болот. Оору процессинде жыныстык мүчөдөн быштак сымал жагымсыз жыты бар суюктук бөлүнүп, ыңгайсыздык жаратат.

Матка — жатын;

Шейка матки — жатын моюнчасы;

Маточная труба — жатын түтүкчөлөрү;

Эрозия шейки матки — жатын моюнчасынын жарасы;

Метрит — жатындын сезгениши;

Вульвит — жыныстык органдын тышынын сезгениши;

Акушер — аялга төрөт убагында жардам берген дарыгер;

Внематочная беременность — жатындан тышкары бойдо бүтүү;

Выкидыш — түйүлдүктүн өлүү төрөлүүсү;

Аборт — бойдон алдыруу;

Токсикоз — талгак, талгактык;

Гимен — кыздык белги;

Гименопластика — пластикалык жол менен кыздык белгини калыбына келтирүү;

Менструация — айыз цикли, этек кир;

Мастит —эмчектин сезгениши;

Цистит — табарсыктын инфекциялардан улам сезгениши (көбүнчө аялзаты жабыркайт).

3344
Белгилер:
гинеколог, кыргыз тили, медицина, Кыргызстан
Тема:
Тибиртке — кыргызча туура сүйлөйбүз (75)
Тема боюнча
ХИПК, ФАП, ЖКККББ. Такалып калдыңызбы? Аббревиатураларды чечмелейбиз
"Өлдү" деп балп эте көрбөңүз... Адамдын каза болгонун кантип туура айтуу керек?
Мечиттеги мусулман. Архивдик сүрөт

Жаш балдар, улгайгандар мечитке келбей тургула! Муфтияттын кайрылуусу

63
(жаңыланган 22:19 04.06.2020)
Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу кажет.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Мечитке жана намазканаларга барган жарандарга бир катар эрежелер киргизилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Билдирүүдө аталган жайларга келген элдин санитардык эрежелерди сактоосу шарт экени айтылды.

  • бет кап тагынып, кире бериштен дене табын өлчөтүүсү керек;
  • мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сакталышы шарт. Кол алышып, кучакташып көрүшүүгө тыюу салынат, даарат алуучу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо абзел;
  • жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу кажет.

Республикада бардык мечиттерде даярдык жана түшүндүрүү иштери имамдарга жүктөлдү.

Муфтият тарабынан көрсөтүлгөн сунуштарда дааратты үйдөн алуу менен сүннөт намаздарды үйдөн окуп, мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетиши керектиги айтылат.

Муну менен катар жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда өткөрүлүп, ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүүсү сунушталат.

Буга чейин мечиттерге чектөөлөр алынгандыгына байланыштуу 8-июнунан баштап мечиттер, намазканалар, чиркөөлөр санитардык сактык чараларын толук сактоо менен бирге ишке кирери айтылган.

63
Белгилер:
сунуш, талап, чиркөө, намаз, имам, мечит, муфтият, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Мэрия: Бишкек азыр кооптуу, коронавирус жуктуруп алуудан абайлагыла
Жээнбеков: коронавирус инфекциясы аймактардагы көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды
Башкы прокуратура. Архивдик сүрөт

Жыштык чыры: кылмыш ишти эмнеге Аскер прокуратурасы тергеп жатканы айтылды

52
(жаңыланган 21:44 04.06.2020)
Жыштыктар боюнча кылмыш иши мамлекеттин маанилүү делген тармагына тиешелүү болгондуктан, бул боюнча маалыматты ачык айтуу өлкө менен коомчулукка пайда алып келбейт.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Радиожыштыктар боюнча мамлекетке зыян келтирген мыйзамсыз фактылары ашкереленери менен бул ишке күч түзүмдөрүндөгү кызматкерлердин кызыкчылыгы байкалып, мындан улам Башкы прокуратура ишти Аскер прокуратурасына өткөрүп берген. Бул тууралуу аталган көзөмөл органдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Башкы прокуратуранын өндүрүшүнө өткөрүлгөн ишти кароо үчүн УКМК, ИИМ жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган ведомство аралык ыкчам-тергөө тобу түзүлгөн.

"Аталган иш мамлекеттин маанилүү делген тармагына тиешелүү болгондуктан, бул боюнча маалыматты ачыктап коюу мамлекет менен коомчулукка пайдалуу болбойт. "Мамлекеттик сырлар жөнүндөгү мыйзамга" ылайык, ал жашыруун сырды камтыган материал деп бекитилди. Азыр бир катар адамдардын бул иш боюнча кылмыш жасады деп шектелгени расмий маалымдалды. Мамлекеттик кызматкерлердин жана башкалардын бул кылмышка канчалык тиешеси бар экендигин аныктоо үчүн толук, ар тараптуу жана объективдүү тергөө жүрүп жатат", — деп айтылган маалыматта.

Вице-премьер Эркин Асрандиев
© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Сүйлөшүп алган жетекчилердин тобу радиожыштыктарды колдонуучу технологияларга ээ болуп жана лицензияларды кайра каттатууда жеке компаниялардын кызыкчылыктарын улам коргоп, жылдырып отурган. Мунун эсебинен мамлекет зыян тарткан. Бул Кылмыш кодексинин 319-беренесине ("Коррупция") туура келди.

Эске сала кетсек, 20-май күнү парламенттин жыйынында депутат Жанар Акаев эки радиожыштык арзан сатылып кеткенин айтып чыгып, бул өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин уруксаты менен гана жасалышы мүмкүн экенин айткан. Анын айтымында, өлкө казынасы мындан 5 миллиард сомдук зыян тарткан. Премьер-министр жооп кайтарып, кыска мөөнөттүү эмгек өргүүгө кеткен.

Буга чейин Башкы прокуратура коррупцияга шектелип Байланыш агенттигинин беш кызматкери кармалганын маалымдаган.

52
Белгилер:
тергөө, Башкы прокуратура, УКМК, кылмыш, Кыргызстан
Тема боюнча
Жыштык чырына тиешеси жок. УКМК Байымбетовдун иштен кетишин түшүндүрдү
Премьер-министр Абылгазиев жыштык чуусунан улам эмгек өргүүгө кетти

Нью-Йоркто акцияга чыккандар камалууда. Видео

0
АКШда башаламандык афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталып, бир катар мамлекеттерге жайылды.

Нью-Йорк полициясы АКШдагы полициянын зомбулугуна нааразы болуп, акцияга чыккандардын арасынан 60 кишини камакка алды. Полиция департаментинин жетекчисинин айтымында, кармалгандар коменданттык сааттын эрежесин бузушкан.

Ал тартип сакчылары мыйзамдын бузулушуна жол бербей турганын айтып, шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн бардык кадамдарга барарын белгиледи.

0
Белгилер:
башаламандык, Жорж Флойд, Нью-Йорк, АКШ, полиция
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Мен — Жорж Флойдмун. АКШдагы акциялар дүйнөгө жайылды. Видео
Унчукпай кутулушту. Ак үйдү митингчилерден кайтарган аскерлердин видеосу
Кайрадан орустар. АКШдагы козголоңго Москваны айыптоо кимге зарыл?