Сауд Аравия Кыргызстанга эт экспорттоого 3 млн. доллардын тегерегинде грант бөлөт

© REUTERS / Jose Luis Gonzalez / File PhotoОбмен валют в Сьюдад-Хуаресе
Обмен валют в Сьюдад-Хуаресе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган грант Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан берилмекчи.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Сауд Аравия Кыргызстандын социалдык-инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашыруу үчүн 3 миллион 797 миӊ доллар өлчөмдөгү грант бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жүрүшүндө белгилүү болгонун парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, аталган грант Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан берилмекчи.

"Анын ичинде Кара-Кулжа жана Түп айылдарында үй-бүлөлүк медициналык борборлорду жабдыктар менен жабдууга, Улуттук фтизиатрия борборунун кургак учук бөлүмүнө тийиштүү жабдык алууга 1 миллион 245,2 миӊ доллар, Кыргызстандан Сауд Аравияга этти экспортто үчүн Чүй обласуна карантиндик зона курууга 960 миӊ доллар, жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтуна заманбап медициналык жабдууларды алууга 1 миллион 440 миӊ доллар өлчөмүндө грант бөлүнөт", — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле гранттык макулдашуунун алкагында, жогорудагы үч долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн консультациялык кызматтарга 151,8 миӊ доллар дагы берилмекчи.

Тармактык комитет эки тараптуу гранттык келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0