БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Коопсуздук кеңеши Экотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева мыйзамсыз түрдө иштен алынганын аныктады. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиевдин буйругу менен Мамбеталиеванын кайрылуусунда келтирилген коррупциянын айрым фактыларын изилдөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы түзүлгөн болчу.
"Мамбеталиеваны ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу чечим Кыргыз республикасынын мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынган. Бул тууралуу тиешелүү прокурордук жооп кылуу актысы Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандык аял жолдошу жиберген беш миң долларды коротуп салганы үчүн коркуп, өзүнө кол салуу уюштурган. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.
2020-жылдын 29-декабрында 42 жаштагы Э.Г. аттуу аялдан арыз түшкөн. Анын айтымында, үйүнө бет кап кийген белгисиз эки киши кирип келип сабап, беш миң долларын алып кеткен.Факты боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда аял мындай сценарийди мурдагы жолдошу менен ишке ашырганы аныкталган. Тартип сакчылар 42 жаштагы Э.Г. менен 39 жаштагы С.О. деген шектүүлөрдү милициянын бөлүмүнө жеткиргенден кийин алар күнөөсүн мойнуна алышкан.
"Аял жолдошу чет өлкөдөн жиберген акчасын коротуп салгандыктан коркуп ушундай кадамга барганы белгилүү болду", — дешти милициядан.
Учурда тергөө амалдары уланып жатат.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Борбор калаада Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата бак отургузуу салтанаты болду. Бул тууралуу "Евразиялыктар – жаңы толкун" фондунан билдиришти.
Аталган иш-чараны уюштуруучулардын курамына Коргоо министрлиги жана Бишкек мэриясы да кирген.
"Жалпысынан 76 көчөт отургузулса, анын 28и атактуу панфиловчулардын элесине арналды. Бул "Эскерүү багы" деп аталган эл аралык акциянын алкагында жасалды", — деп айтылган маалыматта.
Эл аралык "Эскерүү багы" акциясы 2020-жылы башталган. Анын уюштуруучусу "Жеңиштин ыктыярчылары" деп аталган бүткүл россиялык кыймыл. Былтыр үч айда (март-июнь) Россиянын аймагы боюнча 27 миллион көчөт отургузулган. Быйыл аталган акция эл аралык мүнөзгө өтүп, ал Кыргызстанга да келди.