Ушул элеби? Икрамовдун чуу салган айдоочусуна кандай жаза берилгени айтылды

© Фото / Nate Steiner / wheel gripАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКККБ инспекторлор менен чырдашкан жол тандабастын айдоочусу боюнча окуяга комментарий берди.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун инспекторлорго каршылык көрсөткөн айдоочусуна карата көрүлгөн чаралар тууралуу ЖКККБнын ага инспектору Максат Мустапаев айтып берди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Милиция кызматкерлерин сыйлабастык — укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктарын күчөтүү керекпи?" аттуу тегерек столго катышты.

Мустапаевдин айтымында, эреже бузгандарга айып пул салынган.

"Унаанын айнектери караңгылатылган экен, дал ошол факты каттоого алынган. Алгач айдоочу баш ийген эмес, бирок ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин унчукпай калган. Унаа айып короого токтотулган", — деди ал.

Белгилей кетсек, 20-сентябрь күнү Бишкектин чок ортосунда Lexus LX 570 (мамлекеттик номери 02KG 570 AAA) унаасынын айдоочусу менен жол инспекторунун ортосунда пикир келишпестик чыккан. Окуяга күбө болгон Sputnik агенттигинин кабарчысына айдоочу тап берип, телефонун тартып алууга аракет кылган. Ошол эле маалда айдоочу жол инспекторлоруна атырылып, бирөөнү жулкулдаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0