Рита Карасартова: милициянын аброюн милиция өзү гана көтөрө алат

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор объединения "Институт общественного анализа" Рита Карасартова
Директор объединения Институт общественного анализа Рита Карасартова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карасартова укуктуу мамлекетти түзөбүз десек милициянын да, катардагы жарандардын да укугун коргоо керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Милициянын аброюн милиция өзү гана көтөрө аларын "Коомдук анализ институту" коомдук бирикмесинин директору Рита Карасартова Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктарын күчөтүү керекпи?" аттуу тегерек столдо билдирди.

Ал өз сөзүндө милиция качан гана жарандардын кайрылуусуна убагында жооп берип, эл менен эсептешкенде гана кишилер милицияга ишеним артып баштайт деген пикирде.

Мисал катары айылдардын биринде мындан 6-7 жыл мурун мал уурдаган киши пайда болуп, аны эл кармап, милицияга алып барганын айтты. Бирок милиция мал уурдаган кишиден акча алып коё берип жиберген. Мындай көрүнүш бир нече жолу кайталанганда жергиликтүү эл ууруну таш бараңга алууну чечкен.

"Айыл аксакалдары кеңешип, мындай кылсак соттолуп кетебиз дешип, ошол ууруну "24 сааттын ичинде үй-бүлөң менен чыгып кет" деп шарт коюшкан", — деди Карасартова.

Наезд на инспектора УОБДД ГУВД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте маршрутка кагып кеткен инспекторго өкмөттөн жардам көрсөтүлөт
Ал ошондой эле укук коргоо органдарында иштегендерди мыйзамсыз кызматтан алган учурлар көп экенин билдирди.

"Жумуш орду керек болуп калганда жетекчилик өздөрүнүн кызматкерлерин иштен алып салган учурлар болот. Бирок алардын көбү кайта иш ордуна кайтарылат. Биздин айрым атка минерлер жумуштан алганды дагы билбейт, "кет" деп эле алып салат", — деди ал.

Практикада полковниктин аскер билетин өрттөтүп туруп аны кызматтан кетирген учурлар бар экенин кошумчалады.

"Бир полковникти "сенин аскер билетиң убагында туура эмес болгон" деп иштен алып салышкан. Аскер билети туура экенин далилдейин десе, сот аны "өрттөп жок кылыш керек" деген өкүм чыгарып койгон. Полковникти иштен алуу үчүн ушундайга барышкан. Бул эми нонсенс да", — деди ал.

Карасартова андан тышкары эгер укуктуу мамлекетти түзөбүз десек милициянын да, катардагы жарандардын да укугун коргоо керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0