Экс-президент Алмазбек Атамбаев. Архив

Ачуу чындык ушундай! Атамбаев Бишкек ТЭЦиндеги авария тууралуу макала жазды

1449
(жаңыланган 08:40 07.10.2018)
Алмазбек Атамбаев Бишкектеги ТЭЦ убагында оңдолбогондо Кыргызстанды кандай тагдыр күтөрүн айткан.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек ТЭЦиндеги авария тууралуу макала жазды. Бул тууралуу КСДП партиясынан маалымдашты.

Мурдагы ажо макаланын башында 2010-жылы апрель окуяларынан кийин энергетика тармагындагы абал тууралуу жана аны жакшыртуу үчүн кандай чаралар көрүлгөнүнө токтолгон. Ал ошондой эле Бишкекте электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү көйгөйүн жаңы ТЭЦ куруу менен, же аны жаңылоо менен гана чечүүгө мүмкүн болгонуна токтолгон.

Атамбаев ошондой эле ТЭЦти модернизациялоо үчүн подрядчы компания кантип изделгенин жана эмне үчүн Кытайдын ТВЕА компаниясы тандалганын түшүндүрүп берүүгө аракеттенген. Ал андан сырткары, ТЭЦти жаңылоого кеткен каражат атайылап жогорулатылган деген кептерди четке каккан. Экс-президент подрядчылар же жалданып иштеген башкалар ТВЕА компаниясынан уурдашы мүмкүндүгүн айткан. Мисал катары кымбат баага сатып алынган аттиштерди келтирген.

Атамбаев ошондой эле ТЭЦтин жабдууларынын эскилиги эбак жеткенин, эртеби кечпи авария болмоктугун айткан.

"2010-жылга карата эле ТЭЦтеги жабдуунун эскилиги 70-75 пайызды түзгөнүн эске сала кетейин. Ири авария болсо кыйроого алып келмек. Ошондуктан мен президент катары ЖЭБди реконструкциялоо ишин создуктурбоону талап кылган элем. Ошо 2013-жылда президенттин аппараты, өлкөнүн өкмөтү жана ЖКнын депутаттары ыкчам иш-аракеттерди жүргүзбөгөндө, ЖЭБди реконструкциялоону баштоо, Кытайдын чиновниктери эскерткендей, жогеле дегенде, 2015-жылга дейре толук бир жылга кечикмек. Демек, ЖЭБдин негизги бөлүгү 2017-жылдын күзүндө эмес, быйылкы 2018-жылдын күзүнө араң бүтмөк", — деп жазган Атамбаев.

Ал андан сырктары, реконструкциялоо иштери өткөн жылдын күзүнө чейин аяктабаганда техногендик катастрофа болмоктугун айтып, ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурганына токтолгон.

Мурдагы президенттин макаласын толук түрдө КСДП партиясынын сайтынан окуңуздар.

1449
Белгилер:
авария, ТЭЦ, Алмазбек Атамбаев, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек ТЭЦинин директору кышкыга даярдык тууралуу айтты
Бишкек ТЭЦине дагы 1,2 млн. доллар жумшалат. Акча эмнеге кетет?
Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөнов. Архивдик сүрөт

Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт

8
(жаңыланган 17:10 10.08.2020)
Кадрдан Урицкийге окшогон киши Лукашенкого жана анын айланасындагыларга таякча менен бир макетти түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Өзүн Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөновго окшош кишинин Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен түшкөн сүрөтү чыкты.

Сүрөт президентти сайты менен РИА Новостиге жарыяланган. Анда Урицкийге окшогон киши Лукашенкого жана анын айланасындагы кишилерге таякча менен бир макетти көрсөтүп түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот. 

Мужчина, похожий на беглого премьер-министра КР Данияра Усенова, который сегодня именует себя Даниилом Урицким с президентом Беларуси Александром Лукашенко на встрече в Минской области
Өзүн Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөновго окшош кишинин Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен түшкөн сүрөтү чыкты

Маалыматта Лукашенко Минск облусуна иш сапары менен барып, Пухович районундагы жогорку технологиялуу агроөнөр жай өндүрүшүн толук циклде уюштуруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышы менен таанышары айтылат. Долбоорду "Белоруссиянын улуттук биотехнологиялык корпорациясы" ишке ашырууда.

ЖМК Бакиевдер менен Урицкийдин Белоруссиядагы миллиондогон бизнестери тууралуу

Өз кезегинде Лукашенко долбоорго жогорку баасын берген.

Курманбек Бакиевдин тушундагы соңку премьер-министр болгон Данияр Үсөнов апрель окуясынан кийин кызматынан кол жууган. 3,5 ай премьерликти аркалап, апрель окуясы боюнча иштерден улам сыртынан соттолгон. Ушул тапта Белоруссияда жашайт, ал жакта Даниил Урицкий ысымы менен жүрөт.

8
Белгилер:
долбоорлор, Сүрөт, Александр Лукашенко, Данияр Үсөнов, Белоруссия
Тема боюнча
Белоруссия Данияр Үсөновду эмнеге кайтарып бербей жатканын түшүндүрдү
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн
Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалган Замир Ракиев. Архив

Бишкек шаарынын казысы болуп Замир Ракыев дайындалды

6
(жаңыланган 17:08 10.08.2020)
Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу менен дайындалган шаардын жаңы казысы бүгүн казыяттын жамаатына тааныштырылды.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын казысы болуп Замир каары Ракыев дайындалды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу менен дайындалган шаардын казысы бүгүн жамаатка тааныштырылды.

"Муфтий Бишкек шаардык казыятынын жалпы эмгек жамааты менен жолугуп, казыяттын ишмердүүлүгү жоопкерчиликтүү экендигин баса белгилеп, жаңы дайындалган Бишкек шаарынын мусулмандар казысынын ишине ийгилик каалады", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын казыятын буга чейин Садриддин Маджитов жетектеп келген. Ал 10-июлда оорудан улам каза болгон.

Ош облусун Жылкыбаевдин орун басары Юсупов жетектеп турмай болду

Шаарга жаңы дайындалган Замир каары Ракыев 1978-жылдын 15-февралында Нарын облусунун Кочкор района караштуу Шамшы айылында төрөлгөн.

6
Белгилер:
Замир Ракиев, Муфтий, дайындоо, Бишкек казыят
Тема боюнча
Бишкектин Ленин районуна жаңы аким келди