Иш издеп жүрөсүзбү? Бишкекте жумуш жарманкеси өтөт

Жазылуу
Уюштуруучулар иш-чарага өлкөнүн 35тен ашуун ишканасы катыша турганын белгилешүүдө.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бишкекте жумушчу орундардын жарманкеси өтө турганын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы иш менен камсыз болууга көмөктөшүү башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара бейшемби күнү саат 10.00дөн 12.30га чейин Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университеттин (Айтматов проспектиси, 27) башкы корпусунда болмокчу.

Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Октябрдан тарта үй-бүлөлүк дарыгерлер менен медайымдардын айлыгы көбөйөт
Жарманкеге шаардагы 35 ишкана менен уюм катышып, өнөр жай, коомдук тамактануу, транспорт, байланыш, кызмат көрсөтүү, саламаттык сактоо, курулуш, соода жана полиграфия тармагы боюнча иш сунуштайт.

Мындан тышкары, студенттер үчүн жумушту кантип издөө керектиги, резюмени туура толтуруу жана аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өтүү боюнча тренингдер өтө турганы айтылды.

Жарманкеде аталган башкармалыктын консультанттары ишке орношуу боюнча кеп-кеңеш бермекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0