Sputnik Кыргызстан агенттигинин пресс-борбору. Архив

SputnikPro: Бишкекте маалымат катчылар менен PR адистерге мастер-класс өтүлөт

77
(жаңыланган 15:08 04.10.2018)
Спикер катары тажрыйбалуу эки медиа менеджер сүйлөйт.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Бишкекте SputnikPro билим берүү долбоорунун алкагында мамлекеттик уюмдардын маалымат катчылары менен коммерциялык уюмдардын PR адистерине мастер-класс өткөрөт.

Иш-чара 5-октябрь күнү болот.

Мастер-класстын программасы катышуучуларга кризистик абалда иштөөнүн технологиясы жана мультимедиалык маалымат айдыңында ЖМК менен иштөө тартибин үйрөтөт.

Спикер катары Sputnik агенттигинин коммуникация жана коомчулук менен байланыш директору Петр Лидов-Петровский жана "Россия Сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин мамлекеттик интернет-долбоорлор дирекциясынын жетекчи орун басары Ирина Кедровская сүйлөйт.

Петр Лидов-Петровский 13 жыл бою Philip Morris International компаниясынын Россиядагы, Швейцариядагы, Индонезиядагы, Гонконгдогу, Пакистандагы өкүлчүлүктөрүндө иштеген. Ошондой эле "Эн+Менеджмент" ЖЧКсында коомчулук менен байланыш боюнча директор болуп эмгектенген. 2009-жылдын июнь айынан тарта "МегаФон" компаниясында коомчулук менен байланышуу боюнча директорлукту аркалаган. Ал маалымат кызматтарынын иши жана PR материалдарды даярдоонун жол-жобосун айтып берет.

Кедровская эмгек жолун "Независимая газета" басылмасынан баштаган. Андан сырткары, "Известия" гезитинде Родионов басма үйүндө, РИА Новости маалымат агенттигинде иштеген. Анын жетекчилиги алдында даярдалган долбоорлор бир катар сыйлыктарга татыган.

SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиа менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт. Белгилей кетсек, SputnikPro долбоору 2018-жылы жазында башталып, Белоруссиянын, Грузия, Азербайжан жана Армениянын медиа коомчулугунун жогорку баасын алган. Бардык окутуулар бекер жүргүзүлөт. Ага катышкандар өздөрүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтсө Sputnik агенттигинде иштеп калууга мүмкүнчүлүк алат.

Sputnik эл аралык маалымат агенттиги дүйнөдөгү ири ЖМКлардын бири. Агенттик 30дан ашык тилде маалымат таратат. Үч жыл ичинде Sputnik сайты постсоветтик мамлекеттердеги ЖМКлар арасында жаңыча ыкма менен иштеп алдыңкы орундарга чыкты. Жакынкы чет мамлекеттердеги Sputnik порталы улуттук жана орус тилинде чыгып, окурмандарга түрдүү мультимедиалык маалыматтарды сунуштайт. Инфографика, видео, сүрөт түрмөгү, онлайн-эфирлер, сурамжылоо жана подкасттарды таап окусаңыздар болот. Күнүмдүк жаңылыктардан тышкары, Sputnik агенттиги аналитикалык материалдарды жана эксклюзивдүү маектерди да окурмандарга сунуштайт.

77
Белгилер:
Бишкек, мастер-класс, маалымат катчысы, менеджер
Тема боюнча
Sputnik агенттиги Кыргызстанда эл аралык билим берүү программасын ишке ашырат
Sputnik журналисттер үчүн билим берүү программасын баштады
Россияда өтүп жаткан Мамлекеттик Дума шайлоосуна видеокөзөмөл аркылуу байкоо системасынын демонстрациясы

Мамдума шайлоосуна 7,5 миң адам видеокөзөмөл аркылуу байкоо салууда

4
(жаңыланган 18:33 18.09.2021)
Быйыл шайлоо 17-19-сентябрга белгиленген. Мамлекеттик Дума менен бирге аймактык жана муниципалдык да шайлоо өтүп жатат.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Россияда өтүп жаткан Мамлекеттик Дума шайлоосуна видеокөзөмөл аркылуу байкоо салып жаткан парламенттик партиялардын биринен да эч кандай доомат түшкөн жок. Бул тууралуу РФ Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Николай Булаев билдирди.

"Ушу тапта видеокөзөмөл порталында 7,5 миң адам отурганын жазып жатышат. Алар бир эле убакта 30 миң шайлоо участкасына көз салууда. Эч биринен эч кандай доомат жок. Парламенттик партиялар биз камсыздап берген техникалык жабдууга нааразылык жок экенин айтышты", — деди Булаев.

Ал коомдук көзөмөл борборлорунда жумушчу орун жетиштүү экенин белгилеп, каалоочуларды чакыра кетти.

Шайлоо быйыл 17-19-сентябрга белгиленген. Мамлекеттик Дума менен биргеликте регионалдык жана муниципалдык шайлоо да кошо өтүп жатат.

4
Белгилер:
шайлоо, Россия, Мамлекеттик Дума, көзөмөл, БШК
Тема боюнча
Владимир Путин Мамдуманын шайлоосуна онлайн добуш берди
Москвада онлайн шайлоого катышкан 10 жаран акциядан батир утуп алды
Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков. Архив

Нарындын мэри шайлоодогу коррупциялык иштерге шектелип кармалды

21
УКМК маалымдаган Б.С. инициалдарына Самарбек Болотбековдун аты-жөнү туура келүүдө. Ал мурда Свердлов районунун акими болуп, кийин Нарын шаарына жетекчи катары жиберилген.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. 2020-жылкы парламенттик шайлоонун жүрүшүндөгү алдамчылык фактысы менен Нарын шаарынын мэри кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.

Буга чейин аталган шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаты мандатын убадалап 300 миң доллар алган деген шек менен "Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, экс-депутат Ч.Р. кармалган. Укук коргоо органдары жабырлануучу ири өлчөмдө чыгым тартканын айткан.

"Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында далилдүү материалдар чогултулуп, Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурдагы акими, азыр Нарын шаарынын мэри Б. С. жогорудагы ишке аралашкан деген шек менен кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул иш боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнө ("Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосун") ылайык өндүрүш ачылган.

Б.С. инициалдарына Самарбек Болотбековдун аты-жөнү туура келүүдө. Ал мурда аталган райондо аким болуп, кийин Нарын шаарына жетекчи катары жиберилген.

21
Белгилер:
Нарын шаары, мэр, коррупция, шайлоо, УКМК
Тема боюнча
УКМК: чек ара кызматкери досунун өлүмүнө шектелип кармалды