Бишкектин 17 көчөсү жарыксыз калат. Тизме

Жазылуу
Электр энергиясы оңдоо иштеринен улам өчүрүлмөкчү.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Жума күнү борбор калаанын айрым аймактары жарыксыз каларын "Түндүкэлектр" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, электр энергиясы 17 көчөдө өчүрүлөт.

9.00дөн 11.00гө чейин — Элебаев менен Горький көчөлөрүндө;

9.00дөн 18.00гө чейин — Фрунзе көчөсүндөгү №423 үй;

9.30дан 17.00гө чейин — "Киргизия-1" конушу;

9.30дан 18.00гө чейин — Токтогул, Тыныстанов, Орозбеков, Самойленко, Мост, Фрунзе, Рыскулов, Ала-Арча көчөлөрү менен Жаш Гвардия проспектиси;

9.30дан 19.00гө чейин — "Чыгыш-5" кичирайонундагы №21, 22, 24-28 үйлөр;

10.00дөн 17.00гө чейин — Элебесов, Ибраимов көчөлөрү менен Равенский жана Станиславский туюк көчөлөрү;

11.00дөн 17.00гө чейин — 12-кичирайондогу №2-6, 12, 13 үйлөр жана Каралаев көчөсү;

13.30дан 17.00гө чейин — "Арча-Бешик", "Орок" конуштары;

Монтаж бригадалары оңдоо иштерин жүргүзүп, жаңы жабдууларды орнотмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0