Нарындын калкы бир кышта 45,5 миң тонна көмүр жагат

© Фото / пресс-служба полпредства правительства КР в Нарынской областиПродажа угля в Нарынской области
Продажа угля в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бюджеттик мекемелерди көмүр менен камсыз кылуу үчүн тендерлерди өткөрүү боюнча жалпы 91 келишим түзүлгөн.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Кара-Кече көмүр кенине барып, оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Таш көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көмүр кымбатташы мүмкүнбү? Кара алтындын баасы жана аны саткан жайлар
Нарынга жана башка аймактарга көмүр ташып жаткан айдоочулар унаалардын кезеги, салмагы жана жол маселеси боюнча көйгөйлөрүн айтышты.

Белгилей кетсек, 2018-2019-жылдардын күз-кыш мезгилине облустун экономика тармагына жана калкына жалпы 67 миң 426 тонна көмүр керектелет. Анын ичинен эл 45 миң 500 тонна көмүр жагат.

"Бюджеттик мекемелерди көмүр менен камсыз кылуу үчүн тендерлерди өткөрүү боюнча жалпы 91 келишим түзүлгөн. 2018-жылдын 1-октябрына карата бюджеттик мекемелерге 10 916 тонна көмүр тартылды. Көмүр таратуу иштери улантылууда", — деп айтылат маалыматта.

Нарын облусу боюнча "Кара-Кече", "Миң-Куш", "Дүңгүрөмө" жана "Турук" көмүр участкаларында көмүр казган 15 ишкана бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0