Мугалимдин кадырын көтөрөлү! Жээнбеков агартуучуларды куттуктады

Жазылуу
Бүгүн Кыргызстанда билим берүү тармагынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилеп жатат.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Чыныгы мугалим жаш муундарды билим менен гана сугарбастан, адамдык мыкты сапаттарга үйрөтөт, турмушта өз жолун табууга көмөктөшөт. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап жатып айтты.

"Өлкөнүн өнүгүүсү сапаттуу билим менен бекем байланышкан. Мамлекеттин саясатында билим берүү — артыкчылыктуу багыт. Өлкөбүздө мугалимдин эмгегин татыктуу баалап алууга аракеттер тынымсыз жүрүп келет. Мугалимдердин коомдук кадыр-баркын, статусун бекемдөө менен гана билимдин сапатына жетишебиз", — деп айтылат куттуктоодо.

Ошондой эле өлкө башчы ар бир агаартуучуга бакыт-таалай, чың ден-соолук, бакубат турмуш каалады.

Эске салсак, бүгүн 5-октябрда Кыргызстанда билим берүү тармагынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0