Темир устанын баласы... Улуу окумуштуу Болот Юнусалиев тууралуу 6 факты

© Фото / из личного архива Шералы ЖапароваЗаслуженный деятель науки КР, исследователь эпоса "Манас" Болот Юнусалиев
Заслуженный деятель науки КР, исследователь эпоса Манас Болот Юнусалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн белгилүү окумуштуу, академик Болот Юнусалиевдин туулган күнү. Өмүрүн кыргыз тилин изилдөөгө жана "Манас" эпосуна арнаган инсандын көзү тирүү болсо быйыл 105 жашка толмок.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кыска өмүрүндө министр, ректор болгонго чейин жетишип, бир топ бараандуу эмгектерди жараткан изилдөөчү жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Валентина Шевченко тууралуу 10 факты
Темир устанын баласы. Академик Болот Юнусалиев (Жунусалиев) 1913-жылы 6-октябрда Чүйдүн Кемин районундагы Үч-Урук (азыркы Кичи Кемин) айылында темир устанын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Башталгыч мектептин босогосун 1920-жылы аттап, атасы уулун мектеп алыс болгонуна карабай күндө атка мингизип алып барып келип турган. Төрт жылдан соң Токмоктогу балдар үйүнө кирген. Кийин Ташкентте, Москва шаарында билимин жогорулаткан.

Ата ордун баскан уул. Жаш окумуштуунун атасы 1933-жылы дүйнөдөн кайтат. Болот үйдүн улуусу болгондуктан Москвадагы окуусун таштап үйүнө кайтып келген. 1933-34-жылдары Эл агартуу комиссариатында иштеп жакындарын баккан.

Фронттогу редактор. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда илимпоз фронтто чыккан басылманын кабарчысы, редактору болуп эмгектенген. Согуш бүткөнчө жарыяланган газета кыргыз, орус жана казак тилинде окурмандарга сунушталган.

Мыкты эмгектердин автору. Жүздөн ашык эмгектин автору 1954-жылы "Кыргыз тилинин лексикологиясы" аттуу эмгеги менен Москвада докторлугун жактаган. Андан сырткары, ал "Кыргыз тилинин тарыхы", "Кыргыз тилинин диалектологиясы" аталышындагы бир катар эмгектерди чыгарган. Азыркыга чейин анын китептери басмадан кайра-кайра чыгарылып, студент, окумуштуулар арасында колдон колго өтүп пайдаланылып келет.

Профессор, завкафедрой КРСУ Накен Касиев - Sputnik Кыргызстан
Чарчабаган профессор, тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер. Накен Касиев тууралуу 6 факты
Манас эпосун коргогон… Өткөн кылымдын 50-жылдарында "Манас" эпосу коомчулук тарабынан катуу талкууланып, айрымдар аны жокко чыгарууга аракет кылган. Маселени кабыргасынан коюп чечүү үчүн союздук өлкөлөрдүн окумуштуулары 1952-жылы июнь айында Фрунзеде чогулат. Ага Александр Боровков, Василий Радлов, Александр Бернштам, Мухтар Ауэзов, Болот Юнусалиев өңдүү бир топ беделдүү илимпоздор катышкан. Ошондо эпосту айрым окумуштуулар жамандап, кыргыз элинин баа жеткис мурасын жокко чыгарууга аракет кылганда Юнусалиев аларга каршы турган. "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигин редакциялап баш сөзүн жазган.

Министр, ректор… Өмүрүн илимге арнаган филология илимдеринин доктору алты жылдай Кыргыз ССРинин агартуу министри, дагы алты жылдай азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде ректорлук кызматты аркалаган. Ошондой эле Улуттук илимдер академиясында эмгектенген. Өзүнөн бала калган эмес. Ал жубайынын уулун тарбиялап өстүргөн. Илимпоз 1970-жылы 57 жаш курагында Фрунзе шаарында көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0