Ош шаарындагы №42 Керме-Тоо мектебинин базасында балдарга ар тараптан жардам берүүчү күндүзгү борбор ачылды

Ош шаарында үй-бүлөнү жана балдарды колдоо борбору ачылды

375
(жаңыланган 20:02 07.10.2018)
Борбордо 2 юрист, 3 психолог, 3 социалдык кызматкер кайрылган жарандар менен иш алып барат.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ош шаарындагы №42 Керме-Тоо мектебинин базасында Бириккен Улуттар Уюмунун балдар фондусунун жана Кыргызстандагы "Гуд Нейборс Интернешнл" эл аралык гуманитардык уюмунун техникалык колдоосу менен балдарга ар тараптан жардам берүүчү күндүзгү борбор ачылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

  • Ош шаарындагы №42 Керме-Тоо мектебинин базасында Бириккен Улуттар Уюмунун балдар фондусунун жана Кыргызстандагы Гуд Нейборс Интернешнл эл аралык гуманитардык уюмунун техникалык колдоосу менен балдарга ар тараптан жардам берүүчү күндүзгү борбор ачылды
    Ош шаарындагы №42 Керме-Тоо мектебинин базасында Бириккен Улуттар Уюмунун балдар фондусунун жана Кыргызстандагы "Гуд Нейборс Интернешнл" эл аралык гуманитардык уюмунун техникалык колдоосу менен балдарга ар тараптан жардам берүүчү күндүзгү борбор ачылды
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, БУУнун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо жана эл аралык гуманитардык уюмдун Кыргызстандагы директору Чжун Хонг Су катышкан
    Иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, БУУнун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо жана эл аралык гуманитардык уюмдун Кыргызстандагы директору Чжун Хонг Су катышкан
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Борбордо турмуштун оор кырдаалына, зордук-зомбулукка кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык-психологиялык жана социалдык-укуктук жардам көрсөтүлөт
    Борбордо турмуштун оор кырдаалына, зордук-зомбулукка кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык-психологиялык жана социалдык-укуктук жардам көрсөтүлөт
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Борбордо 2 юрист, 3 психолог, 3 социалдык кызматкер кайрылган жарандар менен иш алып барат.
    Борбордо 2 юрист, 3 психолог, 3 социалдык кызматкер кайрылган жарандар менен иш алып барат.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 4
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Ош шаарындагы №42 Керме-Тоо мектебинин базасында Бириккен Улуттар Уюмунун балдар фондусунун жана Кыргызстандагы "Гуд Нейборс Интернешнл" эл аралык гуманитардык уюмунун техникалык колдоосу менен балдарга ар тараптан жардам берүүчү күндүзгү борбор ачылды

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, БУУнун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо жана эл аралык гуманитардык уюмдун Кыргызстандагы директору Чжун Хонг Су катышкан.

"Борбордо турмуштун оор кырдаалына, зордук-зомбулукка кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык-психологиялык жана социалдык-укуктук жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле бала багып алгысы келген үй-бүлөлөргө да жардам берилет", — деп айтылат маалыматта.

Борбордо 2 юрист, 3 психолог, 3 социалдык кызматкер кайрылган жарандар менен иш алып барат.

375
Белгилер:
балдарды коргоо, Ош
Тема боюнча
Бообекова: кыргызстандыктар жылына 1000дей баланы асырап алат
Шприц чыгарган ишкана. Архивдик сүрөт

Министр Кара-Суудагы шприц чыгарган ишкананы көрдү. Сүрөт

10
(жаңыланган 15:11 17.01.2021)
Ишкананын ээси мурда шприцтер менен түштүк аймагын гана камсыздап келишсе, жакынкы убакыттарда республиканы камсыздап жатышканын айткан.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Оштун Кара-Суу районундагы шприц чыгаруучу ишкана менен таанышканын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, соңку күндөрү министр түштүк жергесинде иш сапары менен жүрөт.

Жеке ишкер Канатбек Кадыров ишкана 5 жана 10 граммдык шприцтер менен инсулин алганга ылайыкталган шприцтерди чыгарарын айткан.

"Мурда шприцтер менен түштүк аймагын гана камсыздасак, жакынкы убакыттарда республиканы камсыз кылганга жетиштик. Эми медициналык кол каптарды дагы чыгаралы деп турабыз", — деген ишкер.

Министр мындай кадамдар өлкө үчүн жеңилдик экенин айтып, ишкана жетекчисине ыраазычылыгын билдирген.

10
Белгилер:
ишкер, ишкана, Алымкадыр Бейшеналиев, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Кара-Суу району, Ош
Тема боюнча
Ош облусунун ооруканаларына 26 тез жардам унаасы берилди
Маршрутка айдоочусу жана милиция кызматкери. Архивдик сүрөт

ШИИБ маршрутка айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырды

32
(жаңыланган 14:45 17.01.2021)
Милицияга маршрутка айдоочуларынын ортосунда ишке чыкпоо, нааразычылык акциясын уюштуруу сыяктуу чагымчыл чакырыктар тарап жаткандыгы тууралуу билдирме түшкөн.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кичи автобустардын айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.

Белгилүү болгондой, милицияга маршрутка айдоочуларынын ортосунда ишке чыкпоо, нааразычылык акциясын уюштуруу сыяктуу чагымчыл чакырыктар тарап жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

"Борбор калаада коомдук тартипти туруксуздаштыруу КРдин мыйзамын бузуу болуп саналат. Ошондуктан ШИИБ маршрутка айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырат", — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда айдоочулар коом үчүн өтө зарыл жана чоң иш аткарып жатканын эстен чыгарбашы керектиги белгилеген.

"Эгер чагымчыл иштерге жол берилип, коомдук тартип бузула турган болсо, ошондой эле коомдук транспортто же көчөдө жарандардын жана балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралса, менчик жана мамлекеттик мүлктөр жабыркаса, КРдин мыйзамына ылайык олуттуу чаралар көрүлөт", — деп эскерткен ШИИБ.

Милиция 12-январда Бишкек шаардык кеңеши, мэрия жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү жеке менчик ташып жеткирүүчү компаниялардын жетекчилери менен жолукканын эске салган. Анда жол кирени көтөрүү маселеси козголгон.

Айрым маршрутка айдоочулары жол кирени 15 сомго чейин көтөрүү талабын койгон. Мэрия аталган маселе акырындык менен чечилерин, маршрутка айдоочуларынын койгон талаптарын караган жумушчу топ түзүлгөнүн буга чейин айткан.

ШИИБ айдоочуларга кагаз түрүндө эскертүү таратылганын белгиледи. Анда кокус коомдук тартип бузула турган болсо, мэрия жеке менчик фирмалар менен кызматташууну карап чыга турганы жазылган.

32
Белгилер:
тартип, эскертүү, коом, айдоочу, маршрутка, ШИИБ
Тема боюнча
Мэрия: Бишкектеги маршрутка айдоочулары иш таштаса лицензиялары алынат