Калаадагы унааларды эми нейротармак көзөмөлдөйт. "Коопсуз шаар" тууралуу

Жазылуу
Система келишимге кол коюлгандан жарым жыл өткөндөн кийин ишке кирет.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочуларга "бакыт катын" нейротармак жөнөтүп турарын россиялык "Концерн радиостроения "Вега" дирекциясынын жетекчиси Дмитрий Кононенко билдирди.

Эске салсак, 4-сентябрда "Коопсуз шаар" долбоору боюнча аукцион өтүп, ага "Вега", "Альфа телеком" жана "Маалыматтык системанын коопсуздугу" компаниялары катышкан. Жыйынтыгы 21-сенбярь күнү чыгып, жеңүүчү деп Россиянын "Вега" ишканасы табылган

Кононенко билдиргендей, "Вега" сүрөттөрдү маалыматтардын анализин нейротармактын негизинде иштеп чыгат. Бул система автотранспорттордун номерин күн-түнгө карабай тез тааныйт.

"Биз орното турган камераларга электр жарыгынын кереги жок. Алар күн батареялары же фонарлардын фотокабылдагычы аркылуу иштей берет. Бардык система келишимге кол коюлгандан жарым жыл өткөндөн кийин ишке кирет. Ал эми жабдыктар орнотулгандан бир жыл өткөн соң чыгашаны актай баштайт", — деди ал.

Кононенко эки тендердик долбоорду ишке ашырууда бир гана "Вега" жоопкерчиликтүү деп айтууга болбой турганын белгиледи. Анын айтымында, ишти консорциум аткарат, анын курамына россиялык "Швабе" холдинги менен аты атала элек кыргызстандык компания кирет.

Проект безопасного города во Франции - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаар" долбоору кимге табышталды: тендердин жеңүүчүсү тууралуу 5 факты
Финансы министрлигинен билдиришкендей, "Маалыматтык системанын коопсуздугу" компаниясы аукционду жеңип чыккан россиялык "Вега" компаниясын сынга алып, чечимди толугу менен жараксыз деп табууну талап кылууда. Алардын дооматында концерн буга чейин окшош долбоорлордо тажрыйбасы бар экенин тастыктабаганын белгилеген.

Дмитрий Кононенко өз учурунда бүгүнкү күндө компания Иркутск облусунда "Коопсуз шаар" программасын ишке ашырып жатканын айтты. Ал жакта Кыргызстанга орнотулганы жаткан система колдонулууда.

Белгилей кетсек, тендердин баштапкы баасы 2,5 миллиард сом эле. Аукцион бул сумманы төмөндөтүш үчүн өткөрүлүп, ал эки лотко бөлүнгөн. Ар биринин баштапкы баасы 1 миллиард 276 миллион 353 миң 120 сом болчу. Аукциондун натыйжасында эң аз сумма сунуштаган "Концерн радиостроения "Вега" компаниясы жеңишке жетти. Ал биринчи лотко 1 миллиард 125 миллион 765 сом, экинчисине 1 миллиард 195 миллион 575 сом сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0