Кыргызстандык каары Асылбек Таштемиров Мединада куран жарышка калыстык кылууда

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүПаломники в городе Медина
Паломники в городе Медина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакка 100 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Сауд Аравиянын Медина шаарында маркум падыша Абдулазиз Ал-Сауддун каарыларды сыноо боюнча дүйнөлүк куран конкурсунда КМШ мамлекеттеринин атынан Арашан айылындагы Абдулла ибн Аббас Куран жаттоо медресесинин мүдүрү Асылбек каары Таштемиров калыстык кылууда. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Ошондой эле Сауд Аравиядан илимдин эки доктору, Ирактан, Ливиядан барган белгилүү каарылар калыстык кылып жатканы айтылат.

"Куран конкурсуна 116 мамлекет чакырылган болсо, 16 өлкөнүн каарылары белгисиз себептерден улам келбей калышкан. Мындан улам дүйнөнүн 100 өлкөсүнөн барган каарылар эки күндөн бери калыстардын элегинен өтүштү. Азыркы тапта финалдык таймаш жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Асылбек каары Таштемиров ушул жылдын май айында Россиянын Саратов шаарында өткөн Евразиялык куран конкурсуна да калыстык кылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0