Бишкекте кышкысын селсаяктар үчүн баш калкалоочу жайлар ачылат. Даректер

© Sputnik / Светлана ФедотоваПриют "Коломто" для бездомных людей в Бишкеке
Приют Коломто для бездомных людей в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жайлардын баары ноябрь айынан март айына чейин иштеп, күнүнө 100 кишиден кабыл алат.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Суук түшөрү менен Бишкекте туруктуу жашай турган жери жок жарандар үчүн баш калкалоочу жайлар ачылат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Биринчи май району

Жибек-Жолу №413 дарегинде күнү-түнү иштеген "Коломто" үйү ачылат. Ичине 70-100 адамды батырат. Директору Айгүл Сманалиеванын байланыш телефону 0312-30-48-55.

Ленин району

"Центр милосердия" борбору Трудовая 10 дарегинде жайгашкан. Ага кыйчалыш абалда калган балалуу аялдар бара алат. Директору Уркуя Исманова. Байланыш номерлери: 0312-64-48-71, 0550-54-66-22.

Свердлов району

Фере 34 дарегинде орун алган баш калкалоочу жайдын даректүү жардам көрсөтүү бөлүмүнүн адиси Зеркинбек Мамаев. Байланыш номерлери: 0312-36-03-35, 0556-56-46-56.

Октябрь району

Бишкек мэриясы Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратынын ордуна салына турчу сквердин болжолдуу эскизин көрсөттү - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратынын ордуна салынчу сквердин эскизи
Бул аймактагы жардамга муктаждар 12 кичи райондогу ыңгайлаштыруу комбинатындагы баш калкалоо жайына барса болот. Адис Сталбек Эсенкуловдун байланыш номери: 0708-88-02-18.

Аталган жайлардын баары ноябрь айынан март айына чейин иштеп, күнүнө 100 кишиден кабыл алат. Туруктуу жашоочу жерлери жок жарандар бул жайларга түнөп, бир маал ысык тамак иче алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0